Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин 14-августта Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип, орус-кыргыз сүйлөшүүлөрүнө катыша тургандыгын министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
М. Мишустиндин алдыдагы расмий сапарынын алкагында МинКабдын төрагасы Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөөрү айтылган.
“Анда кыргыз-орус күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча, анын ичинде соода-экономикалык мамилелер, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана интеграциялык бирикмелердин алкагында аракеттерди координациялоо маселелери каралаары пландалууда”, – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, президент Садыр Жапаров менен Михаил Мишустиндин жолугушуусу күтүлүүдө.
Ушул эле маалыматты орус өкмөтүнүн басма сөз кызматы да билдиргенин РИА Новости агенттиги дагы жазды.
“Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Россия менен Кыргызстандын өкмөт башчылары соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо келечегин талкуулоону пландап жатышат. Өзгөчө көңүл энергетика, өнөр жай, транспорт инфраструктурасы, айыл чарба жана башка тармактарда практикалык кызматташууну өнүктүрүүгө бурулат”, – деп жазат орус агенттиги.
Белгиленгендей, эки өлкөнүн ортосунда түрдүү чөйрөлөрдө кызматташууну жөнгө салуучу 180ге жакын мамлекеттер жана өкмөттөр аралык келишимдер менен макулдашуулар түзүлгөн.
“Россия Кыргызстандын негизги тышкы экономикалык өнөктөштөрүнүн жана улуттук экономиканын ири инвесторлорунун бири болуп саналат.
Кыргызстанда Россиянын катышуусу менен 1,7 миңден ашык ишкана иштейт. Энергетика, транспорт, тынчтык максаттагы өзөктүк энергетика тармагында кызматташуу тереңдеп баратат”, – деп айтылат маалыматта.
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду жалпы суммасы 835 миллион доллардан ашык суммага 3,6 миңге жакын долбоорду каржылады.
Россия Федерациясынын 80ден ашык субъектилери Кыргызстан менен соода-экономикалык байланыштарды жүргүзүп келет.
“Гуманитардык жана билим берүү тармагындагы байланыштар чыңдалууда. Россияда 10,3 миң кыргызстандык билим алууда, алардын 5,1 миңи бюджеттик негизде”, – деп билдирген Россиянын министрлер кабинети.


















