Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Өзбекстанга барууну пландоодо. Бул тууралуу Орусиянын Ташкенттеги толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Олег Малгинов билдирди.
«Алдыда маанилүү окуя турат – бул Премьер-министрдин Өзбекстан Республикасына расмий сапары жана өкмөт башчыларынын деңгээлинде биргелешкен комиссиянын жыйыны. Биз азыр, албетте, бул иш-чарага даярданып жатабыз», – деди Малгинов «Известия» гезитине берген маегинде.
Ал расмий инаугурациядан кийин Владимир Путин май айынын аягында Өзбекстанга барганын эске салды – бул анын алгачкы чет элдик сапарларынын бири болгон.
«Бул абдан маанилүү, мен айтаар элем, доорлорду чагылдырган визит, анын жүрүшүндө 20дан ашык маанилүү документтерге кол коюлуп, өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттары ачылды, биздин президенттер макулдашылган долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында жаңы максаттар коюлду»,- деди Малгинов.
Анын айтымында, байланыштар көп тараптуу иш-чаралар аркылуу жана КМШ мамлекет башчыларынын жолугушуусунун алкагында, балким, БРИКСке кирген мамлекеттердин лидерлеринин Орусия Федерациясында жолугушуусу учурунда жана башка каналдар аркылуу пландаштырылууда.
Орусиянын элчиси жакынкы арада конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүү максатында Өзбекстанга аймактык делегациялардын төрт-беш сапарлары күтүлүп жатканын белгиледи.
















