Өзбекстанда балдар жана өспүрүмдөр арасындагы “квадробинг” субмаданияты ата-энелик милдеттерди аткарбагандык катары квалификацияланат жана 1,875 миллион сум (болжол менен 150 доллар) өлчөмүндө айып салынат.
Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлиги эскертти.
Бул багыт дээрлик бүткүл дүйнө жүзү боюнча жаштар арасында жайылып бара жатат. Көбүнчө, өспүрүмдөр жаныбарлардын жүрүм-турумун туурап, ар кандай атрибуттарды, мисалы, маскаларды жана куйруктарды колдонушат.
Бул субмаданияттын жолдоочулары Ташкенттен да байкалып, бир жолкусунда Ташкентте «квадробердин» башка адамга кол салуу учуру катталган.
Тактап айтканда, 11-октябрда өзүн ит көрсөткөткөн “квадробер” адамга кол салып, окуяга күбө болгон бала катуу чочуп калган.
«Бул жагдайлар коомдогу жүрүм-турум эрежелерине карама-каршы келет жана мындай жүрүм-турумга таптакыр жол берилбейт. Адистер “квадробика” баланы жаныбардын агрессивдүү аракеттерине алып келип, өзүнө жана башкаларга зыян келтирип, баланын толук калыптана элек психикасынын бузулушуна, коомдон обочолонушуна алып келиши мүмкүн деп эсептешет”, – деп айтылат Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
Ошондуктан, зарыл болсо, квадробика балдардын психикалык жана эмоционалдык абалына кандай таасир тийгизерин аныктоо үчүн балдарга атайын психологиялык экспертизалар да жүргүзүлөт.
“Квадробинг” – бул жаңы “хобби” (Японияда, андан кийин АКШда жана ЕБ өлкөлөрүндө пайда болгон), адамдар жаныбарлардын жүрүм-турумун туурап, төрт буттап кыймылдайт.
“Квадробер” сөзү латын тилинен эки сөздөн турат: квадро – төрт, аэробика – гимнастиканын бир түрү, жалпылаганда “квадробика” келип чыгат. Ал эми аны менен алектенген адам “квадробер” деп аталат.
Бул субмаданият Кыргызстанга да жеткен. Бишкектин көчөлөрүндө сейил бактарда төрт буттап секирип, жаныбарлардын кийимин кийген балдарды кезиктирүүгө болот. Аларды социалдык тармактарда да бар. Бирок Кыргызстанда бул жаңы субмаданиятка коом азырынча катуу реакция жасай элек.
Казакстанда бул трендге ата-энелер, маалымат каражаттары жана активисттер көңүл бура баштады.
Ал эми Орусияда мыйзамдык деңгээлде квадроберлерге тыюу салуу сунушталууда.



















