2024-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18 %га жогорулап, эң минималдуу дегенде 1000 сомдон кем эмес суммага көбөйүп, минималдуу пенсия 6900 сомду түздү. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаровдун 1-октябрь – Эл аралык Карылар күнүнө карата куттуктоосунда айтылат.
“Кылымдарды карыткан кыргыз элинде улууларды урматтоо эзелтен эле калыптанып, каны-жаны менен бүгүнкү күнгө чейин жеткен. “Карынын кебин капка сал”, “Карынын сөзү – жамак, жамагы жашоого – сабак”, “Карынын сөзү кеп болот, калайыкка эп болот”, “Ак сакалдуу карыя – акылы терең дарыя” деген макалдарыбыз буга таасын күбө.
Улуу муунга кам көрүү биздин абийирибиздеги милдет жана ар-намыс экенин жакшы түшүнөбүз. Ата-бабаларыбыздан келаткан нарк-насилди сактап, улууларды баалап-барктоого бар күчүбүздү жумшайбыз.
Биздин улгайган жарандарга карата мамлекеттик саясатыбыз адам укуктарын ишке ашыруу жаатындагы ратификацияланган эл аралык келишимдерге, Конституциябыз баш болгон мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылып келет.
Негизги максатыбыз – улуу муундун өкүлдөрү коопсуз коомдо кадыр-барктуу өмүр сүрүүсүн, мамлекеттин өнүгүүсүнө толук кандуу катышуусун камсыз кылуу. Анын негизинде Кыргызстанда карыларыбыздын турмуш шарттарын жакшыртуу саясатын жүргүзүү боюнча активдүү иш-чаралар күч алууда.
Ата-апаларыбызды татыктуу пенсия менен камсыздоо аракеттери акыркы үч жылда чоң көрсөткүчкө жогорулады. Алсак, 2022-жылы пенсиялар орточо 33 %га көбөйсө, 2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 30 миң сомго чейин, ал эми пенсиялар 38 %га жогорулады. 2024-жылы пенсияларды эки этап менен жогорулатып, октябрь айынан тарта өлкөдөгү эң аз пенсияны 6900 сомго жеткирүү тапшырмасын койгонмун. Бул тапшырманын негизинде 1-июлдан тартып пенсиялар пенсиянын толук базалык бөлүгүнө чейин, тагыраагы 3170 сомго жеткирилген. 2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18 %га жогорулап, эң минималдуу дегенде 1000 сомдон кем эмес суммага көбөйүп, минималдуу пенсия 6900 сомду түзөт.
Мына ушундай аракеттердин жана жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин ченемдерин аткарууга жетиштик. Мамлекет мындан ары да улуу курактагы адамдар үчүн татыктуу, туруктуу жана канааттандырарлык келечекти камсыз кылуу маселелерин чечүү боюнча тынымсыз иш алып барууда”,- деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.
Кошумчалай кетүүчү маалымат, кечээ, 30-сентябрда Жогорку Кеңеште Эл аралык карылар күнүнө карата, үй-бүлө институтун бекемдөө жана өркүндөтүү максатында мурдагы саламаттык сактоо жана эмгек министри Гулнара Баатырованын демилгеси менен Элнура Кулуева , Аманбол Бабакуловдун уюштуруусунда “БИРГЕ” долбоорунун биринчи иш чарасы өттү.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин жетекчилигинде жана Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Аида Исатбек Кызы катышты.
Анда 7 областтан 20 жуп үлгүлүү түгөйлөр (50-60-70 жыл бирге бактылуу жашаган) катышып, коомго үлгү катары сыйланышты.
“Иш чаранын максаты – Үй-бүлө институтун өнүктүрүү, салттуу үй-бүлөлук баалуулуктарды сактоо жана жогорулатуу, калыбына келтирүү, үй-бүлөнүн коомдун алдында жоопкерчилигин өнүктүрүү максатын көздөдү.
Үй-бүлөлүк мамилелердин маанилүүлүгүн жана баалуулугун унутпоо, жакын адамдарыбызга, айрыкча үй-бүлөнүн жашы өтүп калган мүчөлөрунө өзгөчө кам көрүү, сүйүү жана сый-урмат көрсөтүүнү жогорулатууну күчөтүү шарт. Улгайган жарандар коомдо, ар бир үй-бүлөдө баркталууга тийиш. Ошондуктан, биз 50-60-70 жыл бирге жашаган түгөйлөрдү чакырып сыйладык. Алар азыркы жаштардын болоор-болбос нерсеге эле таарынышып жатканы үйдөгү тарбиянын жетишсиздигинен экенин айтышты. Качан гана ортодо ишеним болгондо, ажырашуулар аз болоорун баса белгилешти”, — деди демилгелүү топтун башчыларынын бири Элнура Кулуева.

















