Eurasiatoday
Шаршемби, 25-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

2050-жылга чейин дүйнө жүзүндөгү улгайган калктын саны 2,1 миллиард адамга жетет

  • Дүйнө
  • 01.10.2025 17:49

Loading

1-октябрь — БУУ тарабынан 1990-жылы белгиленген Карылардын эл аралык күнү.

2050-жылга чейин дүйнөдө 60 жаштан жогору адамдардын саны 2,1 миллиардга жетет, ал эми 2080-жылга карата 65 жаштан өткөн улгайгандардын саны 18 жашка чейинки балдардын санынан ашып кетет.

Улгайган калктын көйгөйлөрүн талкуулоо, алардын медициналык, социалдык жана экономикалык жашоо шарттарын жакшыртуу жана бул маселелер боюнча маалымдуулукту арттыруу максатында БУУ 1990-жылы 1-октябрды Карылардын эл аралык күнү деп жарыялаган. Ар жылы бул күнү белгилүү бир темага арналган конференциялар жана иш-чаралар өткөрүлөт.

Тема боюнча

Жогорку Кеңеште Эл аралык карылар күнү белгиленди

Жогорку Кеңеште Эл аралык карылар күнү белгиленди

30.09.2024

2025-жылы бул күн 35-жолу белгиленип жатат. БУУ бул жылдын темасын «Жергиликтүү жана глобалдык аракеттерди жетектеген улгайган адамдар: биздин максаттарыбыз, жыргалчылыгыбыз жана укуктарыбыз» деп аныктаган.

БУУнун маалыматына ылайык, улгайган адамдардын санынын тездик менен көбөйүшү саламаттыкты чыңдоонун, оорулардын алдын алуунун жана дарылоонун бардык жаш курагында маанилүүлүгүн көрсөтүүдө. Улгайган адамдардын негизги муктаждыктарын канааттандыра алуусу жана күнүмдүк жашоого активдүү катышуусу алардын ден-соолугу менен катар алар жашаган социалдык жана физикалык чөйрөгө да көз каранды.

Орточо жашоо узактыгы 30 жылда 8,6 жылга өстү

БУУнун маалыматы боюнча, 1995-жылдан 2025-жылга чейин 60 жаштан жогору адамдардын саны 541 миллиондон 1,2 миллиардга жеткен. 2050-жылга карата бул сан 2,1 миллиардга жетет деп күтүлүүдө. Ал эми 2080-жылга карата 65 жаштан өткөн адамдардын саны 18 жашка чейинки балдардан көп болот деп болжолдонууда.

2025-жылы орточо жашоо узактыгы 73,5 жылды түзүп, 1995-жылга салыштырмалуу 8,6 жылга узарган. Өзгөчө 80 жаштан жогору адамдардын санынын тездик менен көбөйүшүнө көңүл бурулууда.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматы боюнча, 2030-жылга чейин дүйнө калкынын ар алтынчысы 60 жаштан жогору болот. Эгерде 2020-жылы улгайган калктын саны 1 миллиардды түзсө, 2030-жылы бул көрсөткүч 1,4 миллиардга жетет. 2020–2050-жылдар аралыгында 80 жаштан жогору адамдардын саны үч эсе өсүп, 426 миллионго жетет деп күтүлүүдө.

Жогорку улгайган калк деңгээли адатта өнүккөн өлкөлөргө мүнөздүү болсо да, төмөн жана орто кирешелүү өлкөлөрдө да карылардын саны тездик менен өсүп жатат. 2050-жылга карата дүйнөдөгү 60 жаштан жогору адамдардын үчтөн экиси дал ушул өлкөлөрдө жашамакчы.

Улгайган калктын эң жогорку үлүшү бар өлкөлөр

Канададагы Visual Capitalist медиаплатформасынын маалыматына ылайык, улгайган калктын эң жогорку үлүшүнө ээ өлкө — Монако, анда 65 жаштан жогору адамдар калктын 36,8%ын түзөт.

Экинчи орунда Япония турат, анда 37 миллион улгайган адам калктын 30%ын түзөт. Андан кийинки орундарда Кариб деңизиндеги Франциянын аймагы болгон Мартиника аралы (26,5%), Пуэрто-Рико (25,3%), Италия (25,1%) жана Кариб аймагындагы Монтсеррат аралы (25%) жайгашкан.

Рейтингге ошондой эле Португалия, Гваделупа аралы, Греция, Финляндия, Мэн аралы, Германия, Гонконг (Кытайдын атайын административдик району), Хорватия жана Сан-Марино кирген.

Жалпы 36 өлкө жана регион камтылган бул тизмеде 28и Европада жайгашкан. Германия, Франция жана Испания сыяктуу өлкөлөрдө 65 жаштан өткөндөр калктын 20%дан ашыгын түзөт. Бирок Кытай, Индия жана АКШ бул тизмеге кирген жок, анткени бул өлкөлөрдө улгайган калктын үлүшү 20%дан аз.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: 1-октябрьЭл аралык карылар күнү
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Кыргызстанда минималдуу пенсия 6900 сом болду

Кыргызстанда минималдуу пенсия 6900 сом болду

01.10.2024
Жогорку Кеңеште Эл аралык карылар күнү белгиленди

Жогорку Кеңеште Эл аралык карылар күнү белгиленди

30.09.2024

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
218 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.