Eurasiatoday
Жума, 27-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

С. Даминова: “Чехияда 4 миңдей кыргызстандык мигранттар, 400гө жакын студенттер бар”

  • Интервью
  • 11.09.2024 17:05

Loading

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн катарында Чехия Республикасында да кыргызстандык эмгек мигранттары менен студенттер бар. Европанын чок ортосунда жайгашкан бул чакан мамлекетте жердештерибиз кандай жумуштарда иштешет жана кайсы окуу жайларда билим алышууда? Биз ушул жана башка суроолор менен Чехиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси, Чехиядагы ардактуу консул  Даминова Саадат Кушбаковна менен маектештик.

– Саадаткан Кушбаковна, Чехияда кыргыз диаспарасы түзүлгөн күндөн бери кыргыздардын саны канчага жетти жана кандай жетишкендиктер болду?

-Чехияда азыр 4000ге жакын кыргыз, ал эми расмий маалыматка караганда 1798, анын ичинен 396 студент бар. Студенттерге караганда, эмгек миграциясында ишкерлер, жумушчулар басымдуу. Чехиядагы иштеп жаткан кыргыздардын арасында туристик виза жана жумуш визасы менен келгендер да бар.

Тема боюнча

К. Осмонбеков Россиядагы мекендештерди документтерин мыйзамдаштырууга чакырды

К. Осмонбеков Россиядагы мекендештерди документтерин мыйзамдаштырууга чакырды

21.09.2026

Чехия Батыш Европанын деңгээлинде өнүккөн өлкө. Ошондуктан Борбор Азиядан, Чыгыштан, Африкадан да жумушчу күчтөр агылып келип турат. Бирок, ашынган улутчулдар да жок эмес. Бул жакта эң башкысы документке көбүрөөк көңүл буруш керек.

Негизи Европага иштөө үчүн келген аялдар көп. Алар заводдордо, кампаларда эмгектенишет. Кары же ооруган адамдарды карап иштегендер да көп кездешет. Бир баса белгилей кетүүчү жагдай, бүгүнкү күндө Европа өлкөлөрүндө жашаган кыргызстандыктардын диаспораларынын көбүн айымдар жетектейт.

– Өзүңүз эмне менен алектенсиз?

– Мен жеке менчик бир нече фирмаларды ачып, ар түрдүү тармактарда ишкердик менен алектенем. Жолдошум Мурат Маденов экөбүз 2003-жылы Чехияда инвестиция жасоо жаатында кызмат көрсөткөн “Сада консалтинг” компаниясын негиздегенбиз. Ошол эле маалда Чехиянын ички иштер министрлиги тарабынан чет элдиктер үчүн уюштурулган “Чехияга кош келиңиз” аталышындагы окууларды өтөм.

Кыргыз диаспорасынын уюмунун жетекчиси катары да коомдук жумушта иштеп келе жатам.

2022-жылы өткөн биринчи Элдик Курултайга Чехия, Австрия, Словакиядан келген делегаттар менен Кыргызстанга барып, чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештерибиздин эмгек стажын жана пенсиялык төлөмдөрүн таануу маселесин көтөрдүк. Эки жылдан кийин бул долбоорду ишке ашыруу мүмкүн болду. Учурда Чехия менен Кыргызстандын ортосунда бул документти ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Маалымат иретинде:

Чехиядагы кыргыз диаспорасы 1990-жылы түзүлүп, 2019-жылы расмий каттоодон өткөн.  Ал эми Чехиядагы кыргыздар 1995-жылдан тартып өлкө борборунда ар кыл маданий иш-чараларды  уюштуруп келишет.

1 of 5
- +

1.

2.

3.

4.

5.

– Бул өлкөдө мыйзам, укук жана тартип маселеси кандай?

– Чехияда мыйзамдар чет элдик жаранбы же жергиликтүү жаранбы, баарына бирдей карайт.

Тартип маселеси кучтүү, баары мыйзамга баш ийишет. Чет жакка барып окуйм же иштейм дегендер эмгек миграциясынын тобокелдиктери, жеке коопсуздугу, коркунучтар, жада калса үй-бүлөнү пландоо, сексуалдык коопсуздук тууралуу түшүнүгү болушу зарыл.

Жумуш берген өлкөлөр келген мигранттарга чек коёт эмеспи. Ошондуктан Чехия биринчи кезекте өз жарандарынын кызыкчылыгын эске алат. Мигранттарды көзөмөлгө алуу үчүн мыйзамдуу чектөөлөрдү аныктайт.

Европанын эмгек миграциясын жөнгө салуучу мыйзамдары кандай, алар иш жүзүндө кандайча жүзөгө ашырылууда, кандай талаптары бар, өнөктөштөр менен келишим түзүүдө эмнеге көңүл буруу зарыл – мына ушунун баары өтө маанилүү.

-Кыргыз мекендештер  кандай иштер менен алектенишет?

-Жердештерибиз көбүнчө завод, склад, такси тармагында иштешет. Студент болобу же иштегени келишеби чех тилин жакшылап үйрөнүшү керек. Эгер чех тилин билсең, жогорку окуу жайында бекер билим алуу мүмкүнчүлүгү бар. Андан кийин жумуш таап кетсе болот. Студенттер окуп жүрүп иштей да  алышат. Ал эми мигранттар мыйзам менен таанышып, чет өлкөгө жумушка орноштурууну убада кылган агенттиктер тууралуу так маалымат алып, анан келгени оң.

-Прагада дүйнөлүк аренага белгилүу болгон жогорку окуу жайлар кайсылар жана аларда билим алган кыргыз жаштары барбы?

-Ооба, жыл өткөн сайын Чехиянын ар кайсы жогорку окуу жайларында  билим алган кыргызстандык жаштардын саны көбөйүп жатат. Себеби чех тилин билсе, окуу бекер. Жаштар көбүнчө Чехиянын Айыл – чарба университетинде билим алышат, себеби конкурс жеңил. Андан тышкары биздин жердештер Техникалык жана Карлов унивеститетинде да окушат.

-Жакында Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата чоң иш чара уюштурдуңуздар. Ал иш чара кандай өттү?

-Ооба, биз быйыл Кара Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн – Кара кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Эгемендүүлүгүбүздүн 33 жылдыгына арналган майрамдык салтанат өткөрдүк. Бул иш чарада биз элдик дипломатияны өркүндөтүү үчүн боордош Украина, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Чехия мамлекеттеринин диаспора өкүлдөрүн да чакырдык. Алар биз менен бирге майрамды көнүлдүү өткөрүп, куттуктап кетишти.

– 9-сентябрь комуз күнүнө карата да кыргыз элине каалоо-тилектериңиз болсо керек…

-Биздин идентүүлүгүбүздү айырмалап турган улуттук музыкалык аспаптарыбыздын бири бул- комуз. Комуздун күүсү жаңырганда  Кыргызстанга болгон сагынычыбыз жазылып, жашыл
жайлоолорубузду, ак мөңгүлүү тоолорубузду элестетебиз. Комуздун күүрсү ар дайым жаңырып турсун.

Биз жакында мекендештерибиздин балдары кыргыз рухун, маданиятын унутпашы үчүн “Этно ордосун” ачабыз деп пландап жатабыз. Кудай буюрса, бул тилегибиз ишке ашса, жаш жеткинчектерибиз кыргыздын салтын, наркын, маданиятынын баалуулуктары менен таанышып өсөт деген изги тилегибиз бар.

– Ала-Тоодон алыста жүрсөнүздөр да, кыргыздын наркы менен күн кечирген сиздерге ыраазычылык билдиребиз. Аман болуңуздар.

Маекетешкен Турдайым Кожомбердиева

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: миграциячет элдик кыргыздарЧехия
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Т. Мамытов: “ЕБдин качкындарды жайгаштыруу планын кабыл алса, Борбор Азия “коопсуздук боюнча подрядчы” деген сынга кабылышы мүмкүн”

Т. Мамытов: “ЕБдин качкындарды жайгаштыруу планын кабыл алса, Борбор Азия “коопсуздук боюнча подрядчы” деген сынга кабылышы мүмкүн”

22.10.2026
К. Осмонбеков Россиядагы мекендештерди документтерин мыйзамдаштырууга чакырды

К. Осмонбеков Россиядагы мекендештерди документтерин мыйзамдаштырууга чакырды

21.09.2026
Москвадагы мигранттар үчүн жаңы эреже: “Амина” тиркемесин кимдер кантип колдонушу керек?

Москвадагы мигранттар үчүн жаңы эреже: “Амина” тиркемесин кимдер кантип колдонушу керек?

18.08.2026
Казакстанда чет өлкөлүктөр үчүн кирүүнү электрондук жана акы төлөнүүчү кылуу сунушталууда

Казакстанда чет өлкөлүктөр үчүн кирүүнү электрондук жана акы төлөнүүчү кылуу сунушталууда

08.08.2026
Германияга иштегени барган жаштар эмнеге көчөдө калышты?

Германияга иштегени барган жаштар эмнеге көчөдө калышты?

25.07.2026
Россиядан чет өлкөлүк жарандарды чыгарып жиберүүнүн негиздерин кеңейткен мыйзам Федерация Кеңеши тарабынан жактырылды

Россиядан чет өлкөлүк жарандарды чыгарып жиберүүнүн негиздерин кеңейткен мыйзам Федерация Кеңеши тарабынан жактырылды

24.07.2026
Россияда чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө болуу эрежелери катаалдаштырылды

Россияда чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө болуу эрежелери катаалдаштырылды

09.07.2026
Чехияда улуттук азчылыктардын маселелери талкууланды

Чехияда улуттук азчылыктардын маселелери талкууланды

29.06.2026
ЖК төрагасынын орун басары М. Алиев БУУда миграция  маселесин көтөрдү

ЖК төрагасынын орун басары М. Алиев БУУда миграция  маселесин көтөрдү

15.05.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
222 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.