Кечээ, 1-сентябрда, Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасы Иранга каршы беттеш өткөрүү үчүн Исфахан шаарына барышты. Алар дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундундагы алгачкы беттешин өткөрүшөт. Расмий оюн 5-сентябрда болот.
Кыргыз футбол биримдигинин маалыматына ылайык, “акшумкарлар” Исфаханда окуу-машыгуу иштери менен алек боло башташты.
Бул оюндун алдында башкы машыктыруучусу Максим Лисицын кураманын негизги мүчөлөрүн аныктап, Түркиянын Стамбул шаарында алгачкы окуу-машыгуу иштерин жүргүзгөн.
Ирандын курамасы менен конокто беттешкенден кийин, “акшумкарлар” 10-сентябрда өз үйүндө Өзбекстандын оюнчулары менен ойношот. Бул беттештер Кыргызстан үчүн тарыхый көрүнүш. Анткени, улуттук курама команда алгачкы жолу Дүйнө чемпионатынын тандап алуу турларынын үчүнчү раундуна чыкты.
2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк мундиалга тандап алуунун бул баскычында Кыргызстан “А” тайпасына туш келип, анда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен беттешет.
Кошумчалай кетсек, дүйнө чемпионатына тандап алуу турунун үчүнчү раундунда Азиянын 18 курамасы алты командадан турган үч тайпага бөлүнгөн. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы менен ар бир тайпадан эң мыкты эки команда Дүйнө биринчилигине автоматтык түрдө жолдомо алышат. Үчүнчү, төртүнчү орунду алгандар кийинки раундга өтөт. Бул төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучу аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөшөт.


















