Eurasiatoday
Бейшемби, 26-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Президент кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктады

  • Илим
  • 02.09.2024 10:15

Loading

Президент Садыр Жапаров  1-сентябрда, кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу окуучулар жана студенттер!

Тема боюнча

Февраль окуялары жана Путин менен жолугушуусу тууралуу. Президенттин маеги

Февраль окуялары жана Путин менен жолугушуусу тууралуу. Президенттин маеги

28.04.2026

Кымбаттуу агай-эжейлер!

Жаңы окуу жылынын башталышында бардык мектептер, жогорку окуу жайлар жана башка билим берүү мекемелери эшигин ачып, келечек ээлерин чыдамсыздык менен күтүп алышат. Бул окуу жылында республика боюнча 127 миңден ашуун жеткинчек алгач ирет билим уясынын босогосун аттап, билим дүйнөсүнө сүңгүп, келечекке сапар алууга кадам таштаганы турат.

Мына ошондуктан баарыңыздарды: агай-эжейлерди, окуучуларды, студенттерди жана ата-энелерди 1-сентябрь – Билим күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Бүгүнкү тез өзгөрүп жаткан дүйнө жүзүндө санариптин, технология заманынын арааны жүрүп жаткан кезде, кайсы гана мамлекет болбосун, билим берүү тутуму өнүгүүнүн өзөгүн түзөрүн аңдап, бул тармакка өзгөчө мамиле жасап келатышат.

Биз дагы дүйнө агымынан артта калбай, билим берүү тармагын туруктуу өнүктүрүүнү мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатынын артыкчылыктуу багыты катары карап, окутуунун сапатын арттыруу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү далалатын көрүп келебиз. Бүгүнкү күндө республика аймактарында мамлекет тарабынан балдар үчүн камкордуктар күчөтүлүп, бардык шарттары бар заманбап жаңы мектептер курулуп, четинен ишке берилүүдө.

Быйыл билим берүүнүн сапатын арттырууга багытталган «Алтын казык» мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында мектептерде билим берүү системасын 12 жылдык форматка өткөрүү боюнча бир катар абдан маанилүү чечимдерди кабыл алдык.

Өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу мугалимдер үчүн ноутбук сатып алууга каражат бөлүндү. Буюрса, биринчи этапта алар STEM предметтеринин мугалимдери, андан кийин бардык мектеп мугалимдери камсыз болот.

Мектептерде окуучулардын илимий-техникалык жактан билимин көтөрүүгө абдан көңүл бурулууда. Ошону менен бирге, улууларды, устаттарды урматтоого, элибиздин нарк-насилин, каада-салтын аздектөөгө, Кыргызстандын жараны катары кыргыз тилин так билүүгө маани берилүүдө.

Ошентип, ааламдашуу мезгилинде улуттук кызыкчылыктарыбызды эске алуу менен өлкөбүздүн билим берүү системасын жакшыртууга, аны дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоого аракеттер жүрүп жатат.

Мына ушундай шартта, билимдүүлөрдүн заманы келаткан маалда окуучуларга, студенттерге: “Ар тараптан билим алууга умтулгула,” — деп кайрылар элем. — Үйдөн адептүү болууга татыктуу тарбия, мектептен ар тараптуу терең билим алсаңар, Кыргызстандын атагын чыгарып, эгемен өлкөбүздүн туусун бийик желбирете турган ийгиликтерге жетесиңер”.

«Билим гана адамды эркин жана бийик кылат» деген жакшы сөз бар. Мектеп босогосун аттап жаткан жеткинчектердин сапары байсалдуу болсун. Жалпы мектеп окуучулары, студенттер жаңы окуу жылына жаңы дем, жаңы күч, жаңы жигер менен кирсин.

Агай-эжейлерибизге чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.

Жаңы башталган 2024-2025-окуу жылыбыз жемиштүү болсун!

1-сентябрь – Билим күнү майрамыңыздар кут болсун!”.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: 1-сентябртБилим күнүпрезидент
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Кыргызстанда мектеп тамак-ашына бөлүнгөн каражат үч эсеге көбөйөт

Кыргызстанда мектеп тамак-ашына бөлүнгөн каражат үч эсеге көбөйөт

12.06.2026
Февраль окуялары жана Путин менен жолугушуусу тууралуу. Президенттин маеги

Февраль окуялары жана Путин менен жолугушуусу тууралуу. Президенттин маеги

28.04.2026
Айдоочулук күбөлүктөр эмне үчүн толук алмаштырылууда? Президент түшүндүрдү

Айдоочулук күбөлүктөр эмне үчүн толук алмаштырылууда? Президент түшүндүрдү

20.01.2026
Шайлоо, орус тили, сөз эркиндиги, кадр саясаты. Президенттин кезектеги маеги

Шайлоо, орус тили, сөз эркиндиги, кадр саясаты. Президенттин кезектеги маеги

05.07.2025
Президент аскерлердин сабалышы боюнча окуяны ар тараптуу жана объективдүү иликтөөнү тапшырды

Президент аскерлердин сабалышы боюнча окуяны ар тараптуу жана объективдүү иликтөөнү тапшырды

12.05.2025
Президентти жана депутаттарды шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президентти жана депутаттарды шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

30.04.2025
Перунун мурдагы президенти акча адалдоо үчүн 15 жылга эркинен ажыратылды

Перунун мурдагы президенти акча адалдоо үчүн 15 жылга эркинен ажыратылды

17.04.2025
Менчик жерлерди алып коюуга мен каршымын. Президент сырткы карыз жана жер кодекси боюнча комментарий берди

Менчик жерлерди алып коюуга мен каршымын. Президент сырткы карыз жана жер кодекси боюнча комментарий берди

20.02.2025
Эки жылдан ашык убакыттан кийин Ливан жаңы президентин шайлады

Эки жылдан ашык убакыттан кийин Ливан жаңы президентин шайлады

10.01.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
220 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.