Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасында Париж Олимпиадасынын күрөш боюнча финалына чыкты.
Спортчу жарым финалда Токио Олимпиадасын күмүш медалынын ээси, Африканын 13 жолку чемпиону жана Африка оюндарынын эки жолку чемпиону, төртүнчү ирет олимпиаданын катышуучусу Блессинг Оборудуду атту спортчуну 3:1 эсебинде жеңип финалга чыкты.
Ал эми финалдык беттеште Эмит Элор аттуу америкалык спортчу менен күч сынашат.
Буга чейин Жуманазарова өзүнүн салмагында (68 кг) мелдештин 1/8 финалдан баштап катышты. Ал алгач монголиялык Дүйнө чемпионатынын күмүш жана Азия чемпионатынын коло медаль ээси Делгермаа Энхсайхан аттуу балбан менен күрөшүп, жыйынтыгында 8:3 эсебинде жеңишти камсыздай алды.
Чейрек финалда япониялык атактуу балбан кыз, Дүйнөнүн жана Азиянын эки жолку чемпиону Нонока Озаки менен күрөшүп, 6:6 эсебинде келе жатып, соңку он секундда 2 упай алып, 8-6 эсебинде атаандашын утту.
Финалдык беттештер 6-августта Бишкек убактысы боюнча саат 22:15де өтөт.
Жоламан коло медаль үчүн күрөшөт
Грек-рим күрөшү боюнча өлкө намысын коргогон балбан Жоламан Шаршенбеков Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси, Дүйнөнүн жана Азиянын эки жолку чемпиону япониялык Кеничиро Фумитага 3:4 эсебинде жеңилип калды.
Ата мекендик спортчу 60 кг чейинки салмакта алгачкы беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштады. Анда Дүйнө чемпионатынын эки жолку коло байге ээси, Азия чемпиону казакстандык Айдос Султангалини 6:4 эсебинде артта калтырды. 1/4 финалда Европа чемпионатынын эки жолку коло байге ээси румыниялык Арнаут Равзан аттуу балбанды 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда артыкчылык менен жеңип, жарым финалга чыккан.
Эми Жоламан Шаршенбеков коло байге үчүн күч сынашат.



















