Палестиналык ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания Тегеран шаарында өлтүрүлдү. Бул тууралуу IRNA агенттиги Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсүнө шилтеме берип кабарлады.
Маалыматта белгиленгендей, Ханиянын Тегерандагы резиденциясы аткыланган. Окуядан анын жан сакчыларынын бири да каза тапкан.
“Бүгүн эртең менен (шаршемби) ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын Тегерандагы резиденциясы аткыланып, бул окуянын натыйжасында ал жана анын жан сакчыларынын бири шейит болду”, – деп айтылат маалыматта.
ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун башчысы Тегеранга 30-июлда Ирандын жаңы президенти Масуд Пезешкиандын инаугурациясына катышууга барган. Сапардын алкагында ал Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи менен жолугуп, президенттин инаугурациясына катышкан.
Маалыматта окуянын себептери жана масштабы такталып жатканы, жыйынтыгы кийинчерээк жарыяланары айтылат.
Исмаил Хания Тегеранда өлтүрүлгөнүн Палестиналык ХАМАС кыймылы тастыктады.
Тиешелүү билдирүү кыймылдын Telegram каналында жарыяланган.
Анда Хания Ирандын шайланган президенти Масуд Пезешкяндын инаугурация аземине катышкандан кийин анын Тегерандагы резиденциясына жасалган израилдик рейддин натыйжасында өлтүрүлгөндүгү белгиленген.
ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун мүчөсү Муса Абу Марзук шаршемби күнү эртең менен Исмаил Ханиянын өлтүрүлүшү жоопсуз калбай турганын билдирди.




















