Өзбекстандын “Krantas Group” компаниясы биринчи улуттук «Арслон» деп аталган зооттолгон унаа жасап чыгарды. Бул тууралуу uzdaily.uz сайты жазды.
“O’zbekiston 24” телеканалынын маалыматы боюнча, “Арслон” техникасы жакынкы аралыкта куралдуу күчтөргө өткөрүлүп берилет.
Маалыматка караганда, “Арслон” заманбап күжүрмөн модулу менен жабдылган жана күнү-түнү да күжүрмөн тапшырмаларды аткарууга жөндөмдүү.

Сегиз дөңгөлөктүү зооттолгон унаа 6-класстагы алдыңкы коргоого жана 4-класстагы капталдан коргоого ээ. Унаанын салмагы 32 тоннадан 35 тоннага чейин болот.
“Арслон” 30 мм замбирек жана 7,62 мм пулемёт менен куралданган.
Аскердик техника 11 адамды, анын ичинде үч экипаж мүчөсүн жана сегиз десантчыны алып жүрө алат.
Машинанын минага каршы коргоосу тротил эквивалентинде 10 кг.
Мындан тышкары, Өзбекстандын куралдуу күчтөрү “Тарлон-М” жеңил зооттолгон унаасынын жаңыланган версиясын алышат. Бул унаа коопсуз санариптик байланыш жана спутниктик навигация, ошондой эле ата мекендик согуштук модулу менен жабдылган.
«Тарлон-М» заводдук сыноолордон ийгиликтүү өтүп, учурда армияга тапшыруунун алдында аскердик сыноолордон өтүп жатат.


















