Ушул жайда Өзбекстанда абанын температурасы көп жылдык орточо көрсөткүчтөн ашат, ал эми июль жана август айынын башында өтө ысык аба ырайы күтүлөт, деп билдирет Гидрометеорология институту.
Окумуштуулардын айтымында, республиканын батыш бөлүгүндө жана чөлдүү зонада жайкы мезгилде температура режими көп жылдык орточо көрсөткүчтөн 1-1,25ºС, башка аймактарда 0,75-1ºС жогору болушу күтүлөт.
Бул жайда аномалдуу ысык толкундар июль жана августтун башында болжолдонууда. Адистер бул жагдай термикалык депрессиянын таасири менен тыгыз байланышта экенин белгилешет. Фергана өрөөнүндө, Ташкент облусунун тоолуу райондорунда жана Сурхандарыя областында абанын температурасы жай бою орточо көп жылдык нормага жакын болушу мүмкүн.
Термикалык депрессия – синоптикалык кырдаалдын жайкы түрү, июнь айынан августка чейин гана өнүгөт жана адатта 2-3 күнгө, азыраак 4-7 күнгө созулат. Бул мезгилде Борбордук Азиянын түздүк аймактарында абанын температурасы +48°Сге чейин жетет.
Институттун маалыматы боюнча, акыркы 20 жылда бул процесс тез-тез болуп, анын мөөнөтү да көбөйүүдө. 2021-жылдын июль айында эле термикалык депрессия процесси үч жолу пайда болгон.
Июнь айынын айрым күндөрү Өзбекстанда бир аз жаан жаашы күтүлөт. Калган жай айларында жаан-чачын дээрлик болбойт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо кыска мөөнөттүү жаан жаашы мүмкүн. Жаан-чачындын көлөмү жай бою өлкөнүн көпчүлүк аймактарында көп жылдык орточо көрсөткүчкө жакын болушу күтүлүүдө.


















