Иранда президент Ибрахим Раисинин сөөгү өзү туулуп-өскөн Мешхед шаарындагы Реза имамынын мавзолейинде жерге берилди.
Ушул эле күнү Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахияндын сөөгү Тегерандын түндүк тарабындагы Рей шаарындагы Абдоль Азим мавзолейине коюлду.
19-майда тик учак кырсыгында каза болгон маркумдар менен коштошуу зыйнаты 21-майда Тебриз жана Кум шаарларында өткөн. Андан соң 22-майда маркумдардын сөөгү учак менен борбор шаары Тегеранга жеткирилип, ал жерде расмий коштошуу зыйнаты өлкөнүн Жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин катышуусу менен өткөн.

Ага 68 чет өлкөнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү анын ичинде мамлекет, өкмөт жана парламент башчылары катышты. Кыргызстандан президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев барган.

Раиси менен коштошуу зыйнатына баргандардын арасында Тунистин президенти Кайс Саид, Египеттин тышкы иштер министри Самех Шукри Сириянын президенти Башар Асад, Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе, тышкы иштер министри Илья Дарчиашвили, Армениянын премьер-министрлери Никол Пашинян, Азербайжандын өкмөт башчысы Али Асадов, Россиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин, ошондой эле ХАМАСтын лидери Исмаил Хания, Катардын эмири Тамим ибн Хамад ибн Халифа Аль Тани жана премьер-министри Мухаммед бин Абдулрахман бин Жасим Аль Тани, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Ирактын премьер-министри Мохаммед Шиа аль-Судани, Пакистандын премьер-министри Мохаммад Шахбаз Шариф, Түркмөн элинин Улуттук лидери, Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов,Ирактын, Алжирдин, Өзбекстандын, Казакстандын, Ливандын, Мали жана Эфиопиянын парламенттеринин төрагалары, Түркиянын жана Индиянын президенттеринин орун басарлары бар.
Тегеранга эле президент менен коштошууга 15 миллионго жакын адам чогулганы маалымдалды. Раиси менен коштошуу зыйнаты Биржанд шаарында да өткөрүлдү. Маркумдун сөөгүн ал жерден да он миңдеген адамдар тосуп алышкан.
Сөөктү жерге берүү иш-чаралары Мешхедде жыйынтыкталды. Ага 3 миллиондош ашуун адам катышканы айтылды.
Ирандын 64 жаштагы президенти Ибрахим Раиси, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка жогорку кызматтагы адамдар 19-майда Азербайжан менен чек арадан кайтып келатканда тик учак кырсыгында каза болушкан. Алардын сөөктөрү эртеси күнү табылган. Раиси жана Абдоллахияндын тышкары, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, аятолла Мохаммед Али Але-Хашем, президенттик күзөт кызматынын өкүлдөрү, жалпысынан сегиз киши болгон. Тик учактын кыйроосунан эч ким аман калган эмес.


















