Eurasiatoday
Дүйшөмбү, 16-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Москвадагы мусулман коомчулугунун палестиналыктарга тилектештиги

  • Күндеми, Россия
  • 28.03.2024 15:21

Loading

Эл аралык Аль-Кудс күнүн утурлай Россиянын Борбордук муфтият башкармалыгында «Аль-Кудстагы ифтар дасторкону – Газа элин түшүнүңүз» аттуу иш-чара болуп өткөнүн “Eurasia Today” маалымдайт.

Ага Ирандын Россиядагы элчиси Казем Жалали, “Борбордук муфтият” мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы Анар Рамазанов жана мусулман коомчулугунун өкүлдөрү катышып, жамаат менен намаз окулуп, ифтар уюштурулду.

Белгилей кетсек, Ыйык Рамазан айынын акыркы жумасы дүйнө мусулмандары Палестина элине тилектештик билдирген Эл аралык Аль-Кудс күнү катары белгиленет. Бул күн Ирандын руханий лидери Аятолла Хомейни тарабынан 1982-жылы негизделген.

Тема боюнча

Ормуз кысыгынын чыгышында мыйзам бузган дагы бир танкер минага кабылып, жарылды

Ормуз кысыгынын чыгышында мыйзам бузган дагы бир танкер минага кабылып, жарылды

16.11.2026

Чыныгы исламда зомбулукка орун жок

Иш-чаранын алкагында, Иран элчиси Казем Жалали Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларында 34 миңден ашуун киши мерт болгонун, бул кылмыштардын курмандыктарынын көбү аялдар жана балдар экенин, дагы 7 миңдей бейкүнөө адам урандылардын астында калганын айтты.

Ал Израиль АКШнын колдоосу менен Рамазан айында да мусулмандарга каршы кылмыш жасап жатканын, бул кылмыштарга Батыш бийликтери, өзгөчө Америка көз жумуп жатканын, бул азыркы дүйнөнүн ачуу чындыгы экенин белгиледи.

Иран элчиси басылып алынган Палестина аймактарындагы сионисттик режимдин кылмыштарын токтотууну талап кылып, жаныбарлардын укуктарын сактоо керек деген заманда адамдардын укуктары сакталбай жатканын белгиледи.

Казем Жалали Москвадагы “Крокус сити холлдогу” террордук кол салууну дагы бир жолу айыптап, Батыштын чалгындоо кызматтары максаттарына жетүү үчүн террордук топторду кыянаттык менен пайдаланып жатканын айтты.

Ал Ислам динин боорукердик жана ырайымдуулуктун дини деп атап, чыныгы исламда зомбулукка орун жок экенин, өлкөлөрдө анын ичинде Иранда жана Россияда теракт жасап, бейкүнөө адамдарды өлтүрүп жаткан такфирчил топтордун аракети Ислам динин билбегендердин иши экенин айтты.

Дүйнө элдеринин көбү Палестина маселесинин адилеттүү чечилишин жакташат

“Борбордук муфтият” мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы Анар Рамазанов Ирандын Москвадагы элчиси менен болгон өзүнчө жолугушууда Иран бай маданияты жана цивилизациясы бар байыркы өлкө катары бүгүнкү күндө Россия үчүн бир гана стратегиялык өнөктөш эмес, бир тууган өлкө экенин белгиледи.

Ал бүгүнкү күндө Палестина маселеси кайрадан эл аралык коомчулуктун күн тартибинде экенин жана дүйнө элинин көпчүлүгү Палестина маселесинин адилеттүү чечилишин жакташарын айтты.

“Палестина маселеси Ислам дүйнөсүнүн эң чоң маселеси жана бул маселе толугу менен чечилмейинче, анын чечилишине жардам берүү үчүн аракетибизди улантабыз. Дүйнө элдери сионисттик режимдин Газадагы бүткүл дүйнө калкынын жүрөгүн ооруткан кылмыштарына күбө болууда. Бүгүн дүйнө калкы газалыктарды мурункуга караганда көбүрөөк түшүнүшү керек жана сионисттик режимдин бул кылмыштарына кайдыгер карабашы керек”, – деди Рамазанов.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 7-октябрда Газа тилкесинен ХАМАС кыймылы Израилге ракеталык сокку ургандан кийин кескин курчуп кеткен. Ал күнү ХАМАСтын жоокерлери Израилдин Газа менен чектеш аймактарына кирип барып, 240тай кишини барымтага алып кетишкен. Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израиль тарапта 1200дөн ашуун киши өлүп, 5000ден ашууну жарака талган. Израиль ХАМАСтын чабуулуна жооп кылып Газа тилкесинде «Темир кылыч» операциясын баштап, анклавды толук блокадага алган. Израилдин абадагы жана кургактагы операциясы бүгүнкү күнгө чейин улантып келет.

12-февралдан баштап Израиль Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына чабуулун баштаган. Палестиналыктардын көбү ал жерде Египет менен чек арага жакын жердеги чатыр лагерлерде жана БУУнун баш калкалоочу жайларында жашашат. Эл аралык гуманитардык уюмдардын маалыматы боюнча, Рафахта 1,3 миллионго жакын адам баш калкалаган.

Палестина анклавынын Саламаттыкты сактоо министрлигинын акыркы маалыматы боюнча Израилдин Газадагы аскердик аракеттери башталгандан бери набыт болгон палестиналыктардын саны 32,2 миңден ашып, 74,5 миңден ашуун адам жаракат алды.

25-мартта БУУнун Коопсуздук кеңеши тез арада Газа тилкесиндеги ок атууну токтотууну талап кылган резолюция кабыл алды. Документте туткундарын эч кандай шартсыз бошотуу талабы жазылган. Мындан тышкары резолюцияда тараптар Орозо айында ок атышууну токтотуп, Газа тилкесине эч тоскоолдуксуз гуманитардык жардам жеткирүүнү камсыз кылышы керектиги белгиленген.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Газа тилкесииранМоскваПалестинатилектештик
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Иран Ормуз кысыгында дагы эки мунай танкери катуу жарылып, өрттөнгөнүн билдирди

Иран Ормуз кысыгында дагы эки мунай танкери катуу жарылып, өрттөнгөнүн билдирди

16.11.2026
Ормуз кысыгынын чыгышында мыйзам бузган дагы бир танкер минага кабылып, жарылды

Ормуз кысыгынын чыгышында мыйзам бузган дагы бир танкер минага кабылып, жарылды

16.11.2026
Иран тукумсуздукту изилдөө боюнча дүйнөдө төртүнчү орунду ээледи

Иран тукумсуздукту изилдөө боюнча дүйнөдө төртүнчү орунду ээледи

16.11.2026
Еслами: Ирандын өзүнүн технологиялары менен толук иштелип чыккан алгачкы ядролук синтез системасы ишке киргизилет

Еслами: Ирандын өзүнүн технологиялары менен толук иштелип чыккан алгачкы ядролук синтез системасы ишке киргизилет

16.11.2026
Ульянов: Батыш Иран маселесин саясатташтыруу менен МАГАТЭнин бейтараптуулугуна доо кетирди

Ульянов: Батыш Иран маселесин саясатташтыруу менен МАГАТЭнин бейтараптуулугуна доо кетирди

16.11.2026
Иран АКШнын жаңы чабуулуна жооп чектелүү же кыска мөөнөттүү болбой турганын эскертти

Иран АКШнын жаңы чабуулуна жооп чектелүү же кыска мөөнөттүү болбой турганын эскертти

16.11.2026
Ирандын куралдуу күчтөрү америкалык MQ-1 дронун атып түшүрдү

Ирандын куралдуу күчтөрү америкалык MQ-1 дронун атып түшүрдү

13.11.2026
Иран ракеталарынын учуу алыстыгын көбөйтүшү мүмкүн 

Иран ракеталарынын учуу алыстыгын көбөйтүшү мүмкүн 

13.11.2026
Генерал-майор Резаи: Байытылган ядролук материалдар Ирандан чыгарылбайт

Генерал-майор Резаи: Байытылган ядролук материалдар Ирандан чыгарылбайт

13.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
211 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.