Ош шаардык мэриясы калаанын Курманжан датка көчөсүндөгү 2 миңден ашык көп жылдык дарактарды алып салууну демилгелеп чыкты. Бул маселе боюнча коомдук угуу да уюштурула турганын жана ага жалпы тургундарды, конокторду катышууга мэрдин орун басары Сонунбек Жунусбаев интернетке жазып чакырды.
Анын түшүндүргөнүнө караганда, алып салуу керек деп сунушталып жаткан дарактар карыган. Анын ордуна жаш көчөттөр отургузулат.
Коомдук угуу 2024-жылдын 14-марттында саат 10:00дө калаадагы “Алымбек Датка” этнографиялык эс алуу борборунда өтмөкчү. Анда Ош шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу жана шаардын жашыл аянтын кеңейтүү максатталганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ушул жылдын 8-январында Ош шаарындагы «Царский Двор» кафесинин имаратынын жанындагы көп жылдык бир даана дарак кыйылганы үчүн коомчулукта катуу сындар айтылып, мэрия кафенин ээси менен ижара келишимин үзгөн. Жыйынтыгында кафеге 37 миң 600 сом айыппул салынып, коомдук тамактануучу жайдын имаратын бузуу тууралуу эскертүү берген. Ал эми кафе жетекчилиги коюлган айыптарды четке кагып келет.



















