Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезитинин 85 жылдык мааракесине карата, “Ош жаңырыгы баскан жол” аттуу китеп жарыкка чыкты. Ага кылымга тете убакыттан бери редакцияда иштеген гезиттин редакторлору, кабарчылары жөнүндө жазылган макалалар топтому кирди. Алардын эмгеги, гезитке болгон жоопкерчиликтүү жумуштарына, эмгегин элге арнаган инсандардын иштерине басым жасалган.
“Ош жаңырыгы” гезити 85 жылдан бери үзгүлтүксүз чыгып келет. Колхоздоштуруу жылдарынан кийин Ата мекендик согуштун каардуу жылдары да жарык көрүп турган. Коомдогу ар кандай өзгөрүүлөргө, оош-кыйыш замандарга туш болуп, экономикалык оор кыйынчылыктарды баштан кечирип жаткан учурда да, улуу көчтүн учугун улап, заман талабына жараша макалаларды жазып, турмуштун күрөө тамырын кармап, кызыктуу макалаларды жазып, гезиттин нускасын көбөйтүүгө өз салымын кошкон журналисттердин бараандууу эмгектери бул китептен орун алган. Ошондой эле гезитте иштеп кеткен редакторлордун ар биринин өзгөчө салымы, эмгектери баса белгиленди. Эмгек ардагерлеринин сүрөттөрү коштолгон.
Белгилей кетсек, аталган гезит алгач 1938-жылы 14-октябрда негизделип, “Кыргызстан большевиги” деген ат менен латын арибинде 3000 нускада басылып чыгарылган. 1940-жылы аты өзгөрүлүп, “Ленин жолу” деп чыга баштаган. Ал кезде гезиттин кел-кели келип турган кези болчу. Бир жумада беш жолу А-3 форматта чыгып турган. Нускасы 80 миңден ашкан. 15 Союздук Республикалардагы облустук гезиттердин ичинде 2-орунда турган. Буга далил Бүткүл Союздук Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн (ВДНХ) коло медалын алып, көргөзмөгө коюлган. Учурунда гезиттин редакциясында КР Баатыры, акын С.Жусуев, акын-жазуучулардан Ж.Мамытов, К.Жунусов. Ш.Абдыраманов, И.Сулайманов, К.Ташбаев, Т.Мияшев, Т.Сулаймановдор эмгектенишкен.
Ал эми 1991-жылдын октябрь айынан бери “Ош жаңырыгы” деген ат менен жарыкка чыгып келүүдө.



















