Eurasiatoday
Шейшемби, 17-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

“Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү

  • Маданият
  • 18.12.2024 11:07

Loading

17-декабрда, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү иш-чараны жалпыга маалымдоо каражаттарынын айрым өкүлдөрүнүн жетишкендиктерин гана эмес, өлкөнүн ырааттуу өнүгүүсүн чагылдырган окуя катары да сыппаттаса болорун айтты.

“Мейкин” сыйлыгы – жөн эле журналисттердин көңүлүн алуучу сыйлык эмес, бул – журналисттик принциптерге таянуу менен Кыргызстанды жаркын келечекке, жаңыча ой жүгүрткөн коом курууга күн сайын жакындаткандар үчүн уюштурулган сыйлык. Бул калеми мененби же фото, видео-камерасы мененби, айтор, азыркы Кыргызстандын көп кырдуу портретин тартып, анын татаалдыгын да, таасирдүү жетишкендиктерин да чагылдырып, улутубуздун тарыхый эс тутумун калыптандыргандар үчүн сыйлык”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Тема боюнча

Иранга таңууланган үч согуштун жүрүшүндө 350дөн ашык ЖМК кызматкери каза болду

Иранга таңууланган үч согуштун жүрүшүндө 350дөн ашык ЖМК кызматкери каза болду

10.08.2026

 

1 of 22
- +

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

8.

9.

10.

11.

12.

13.

14.

15.

16.

17.

18.

19.

20.

21.

22.

Президент Садыр Жапаров журналисттерди жеңиши менен куттуктап, аларга “Мейкин” сыйлыгынын статуэткасын, ошондой эле бир миллион сомдук сертификаттарды тапшырды.

“Мейкин”-2024 сыйлыгынын лауреаттары төмөнкүлөр:

Айсулуу Асанбекова, УТРКнын кабарчысы

“Бир эл – бир түндүк” номинациясы;

Аскар Маратов, ЭлТРдин оператору

“Керемет Кыргызстан” номинация;

Мария Индина, “Акчабар” финансы порталынын башкы редактору

“Салык өнүгүүгө салым” номинациясы;

Алимжан Алибеков, “Кут Билим” басылмасынын редактору

“Билим келечек” номинациясы;

Гүлбарчын Молдоева, УТРКнын Ысык-Көл облусундагы кабарчысы

“Куттуу элет” номинациясы;

Аида Аматбекова, “МИР” МТРКнын кабарчысы

“Мекен жана мен” номинациясы;

Дооронбек Адаханов, YouTube-блогер

“Мекендештер” номинациясы;

Рахат Кыдыртоктоева, ЭлТРдин алып баруучусу

“Кыргызстанда чыгарылган” номинациясы;

Елена Череменина, “Спутник Кыргызстан” маалымат агенттигинин жана радиосунун жетекчиси

“Сергек жашоо” номинациясы;

Улан Эшматов, эркин журналист

“Таза Мекен” номинациясы.

Иш-чара А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өттү.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу журналисттер!

Бүгүнкү иш-чаранын кымбаттуу катышуучулары!

Бүгүн биз кыргыз журналистикасы үчүн маанилүү окуянын башатында турабыз. Журналисттердин өлкөбүздүн өнүгүшүнө, коомдук аң-сезимдин калыптанышына жана демократиялык баалуулуктарды бекемдөөгө кошкон эбегейсиз салымын таануунун белгиси катары уюштурулган “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземине чогулдук. Бүгүнкү иш-чарабызды жалпыга маалымдоо каражаттарынын айрым өкүлдөрүнүн жетишкендиктерин гана эмес, өлкөбүздүн ырааттуу өнүгүүсүн чагылдырган окуя катары да сыппаттасак болот. Ушундан улам, журналистика тармагында эмгектенип келаткандардын баарын бүгүнкү саамалык менен чын дилимден куттуктаймын.

“Мейкин” сыйлыгы – жөн эле журналисттердин көңүлүн алуучу сыйлык эмес, бул – журналисттик принциптерге таянуу менен Кыргызстанды жаркын келечекке, жаңыча ой жүгүрткөн коом курууга күн сайын жакындаткандар үчүн уюштурулган сыйлык. Бул калеми мененби же фото, видео-камерасы мененби, айтор, азыркы Кыргызстандын көп кырдуу портретин тартып, анын татаалдыгын да, таасирдүү жетишкендиктерин да чагылдырып, улутубуздун тарыхый эс тутумун калыптандыргандар үчүн сыйлык.

Урматтуу журналисттер!

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, быйыл өзгөчө бир датаны — кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгын — чыгармачыл адамдардын бир нече муунунун кылымдык эмгегинин жыйынтыгын чыгарган олуттуу окуяны белгилеп жатабыз. Чынында эле бир кылым аралыгында эбегейсиз иштер жасалган экен. Алгачкы басылмалардан, алгачкы радио берүүлөрдөн баштап, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдарды камтыган заманбап санарип маалымат каражаттарына чейинки татаал жолду басып өттү. Ошол дүрбөлөң мезгилдерде бир катар мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүү шартына карабай, журналистиканын пайдубалын түптөп, кышын кыноо менен эл үчүн маанилүү маалыматтарды, жаңылыктарды жазып, жарандык коомдун жаралышына салым кошкон кыргыз журналистикасынын күжүрмөндөрүнүн ысымдары эсибизде. Алардын ак ниет эмгеги, дайыма калыстыкка умтулуусу азыркы кыргыз журналистикасынын бекем пайдубалы болуп калды. Биз мамлекеттин алдыга жылып, эл агартууга салым кошкон аталарыбызды ар дайым эскерип, башыбызды ийип, таазим кылабыз.

Бүгүнкү иш-чаранын ардактуу катышуучулары!

Учурда журналисттердин алдында кесипкөйлүк гана эмес, аң-сезимдүүлүк менен жоопкерчилик принциптерин да талап кылган ары жаңы, ары татаал милдеттер турат. Биз азыр санарип доордо жашап жатабыз. Ар түркүн маалыматтар өтө ыкчамдык менен жайылууда. Мындай маалыматтардын деңизине коомчулук, эл-журт, айрыкча, жаш муун көмүлгөн чакта кайсынысы жалган, кайсынысы анык экенин ажыратып берүүдө сиздердин ролуңуздар бир нече эсе жогорулайт. Барган сайын кооптуу болуп татаалдашып бараткан дүйнөнүн объективдүү картинасын калыптандыруу, коомдук аң-сезимди манипуляциялоого жөндөмдүү дезинформацияга каршы күрөшүү сиздердин жоопкерчилигиңиздер менен кесипкөйлүгүңүздөрдөн көз каранды. Маалымат таратуудагы фактыларга таянууда аң-сезимдүүлүк менен аяр мамиле кылуу, аларды кылдат текшерүү – заманбап журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүнүн негизги компоненттери экенин жакшы билесиздер. Антпесе, жалган маалымат жана маалымат манипуляциясы коомго олуттуу сокку уруп, мамлекетке жана бийлик институттарына болгон ишенимди кетирип, социалдык чыңалууну жаратып, он миңдеген жарандарды адаштырган курал болуп калышы толук мүмкүн. Биз элибизди, айрыкча жаштарды маалыматтарды ылгап кабыл алууга, андагы фактыларды текшерүү менен чагымчылдыкка алдырбоого үндөшүбүз керек.

Окуяларды калыс чагылдырууга умтулуу – бул экономикасы күчтүү, маданияты өнүккөн жана жарандардын жашоо деңгээли жогорку болгон мамлекетке ишенимдүү түрдө айланып бараткан өлкөнү – жаңы Кыргызстанды куруунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Калктын бардык катмарына чындыкка дал келген ар тараптуу маалымат жеткирүү аркылуу гана биз коомдук консенсуска жетишип, өнүккөн өлкөнү чогуулап кура алабыз.

Урматтуу журналисттер!

Эми “Мейкин” сыйлыгы тууралуу учкай сөз кыла кетели. Бул сыйлык биздин коомдун жашоосунун маанилүү аспектилерин чагылдыруучу “Бир эл – бир түндүк”, “Керемет Кыргызстан”, “Салык – өнүгүүгө салым”, “Таза Мекен”, “Билим – келечек”, “Куттуу элет”, “Мекен жана мен”, “Мекендештер”, “Кыргызстанда иштеп чыгарылган” (Made in KG) жана “Сергек жашоо” аттуу 10 номинацияны камтыйт. Ар бир номинацияга 1 миллион сом акча бөлүнгөн. Мындай салмактуу байге фондун кыргыз журналистикасынын келечегине: кесипкөйлүккө, акыйкаттыкка жана жоопкерчиликке инвестиция катары салуу максатын көздөп жатабыз.

Ошону менен катар “Мейкин” сыйлыгы жаш журналисттерге түрткү болуп, аларды чыгармачылык ийгиликтерге жана кесипкөйлүгүн өркүндөтүүгө шыктандырат деп терең ишенем. Мындан тышкары, медиа айдыңында сергек атаандаштык чөйрөсүн түзүп, журналисттерди өздөрүн өнүктүрүүгө жана квалификациясын жогорулатууга үндөйт деп ойлойм. Ойлогон мүдөөбүздү ишке ашырып алсак, элибиздин туура, так, калыс маалымат алуусун жана ар бир сөздүн жоопкерчилигин камсыздаган болобуз.

Урматтуу мекендештер!

Бүгүнкү күндө мамлекетибиз тышкы жардамга муктаждыктан акырындап арылып, экономикалык көз карандылык доорун артка таштап, ишенимдүү жана ырааттуу түрдө өнүгүп баратат. Өлкөбүздүн келечегин аныктай турган, аймактын геосаясий картасын өзгөртө турган масштабдуу стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга белсендик. “Камбар-Ата-1” ГЭСи жана “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу” долбоору – экономикалык өсүп-өнүгүүгө умтулуунун жаркын мисалы. Муну менен катар биз коррупция менен келишкис күрөш жүргүзүп, ачык-айкын, натыйжалуу мамлекеттик башкаруу системасын түптөп жатабыз.

Мунун баары көптөгөн атуулдарыбыздын күндүр-түндүр талыкпаган таза мээнетинин аркасы менен келүүдө. Мына ушул аракеттерде журналисттерибиздин орду өзгөчө экенин дагы бир жолу баса белгилеп айтып коеюн. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү элдин көзү, кулагы жана үнү! Алардын айткандары менен жазгандарынын негизинде коомчулук маалымдар болуп, коомдук пикир жаралууда.

Ошондуктан сөзүмдүн акырында, учурдан пайдаланып, урматтуу айрым журналисттер, айрыкча “Азаттык радиосу” жана башка 5-6 сайттар, жалган маалыматтарды таратып коюп, тымпыйып олтуруп калбастан, этият болсоңуздар, деп сиздерден суранып кетээр элем.

Коррупцияны иликтегиле, биздин кемчиликтерибизди жиликтегиле, ачыкка чыгара бергиле, биздин коомчулуктан жашыра турган эч нерсебиз жок.

Бирок “дейт-дейт” дебей, “Алмакан эжем айтып атпайбы” дебей, материалдарыңарды эң жок дегенде 90 пайыз далилдеп, анан чыгарып турсаныздар – мага да жардам кылган болосуздар.

Коррупция, уурулуктар менен силерсиз эле аёосуз күрөш жүргүзүп жатабыз го. Көрүп жатасыңар. Эч кимди аяган жокпуз, мындан ары да аябайбыз. Коррупция менен күрөш токтобойт, 24 саат бою жүрө берет.

Сөз эркиндиги болсо – болуп келген жана боло берет.

Бир гана суранычым, сөз эркиндиги менен ушак-айыңды, жалган маалыматтарды, бирөөнүн абройуна далилсиз шек келтирүүнү, элди массалык башаламандыктарга чакырууну сөз эркиндиги менен алмаштырбаңыздар!

“Мейкин” сыйлыгынын алгачкы жеңүүчүлөрү, сыйлыгыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сиздердин ийгилигиңиздер мамлекеттин алдыга жылышына жана жоопкерчиликтүү журналистиканын өнүгүшүнө кошкон зор салым болуп саналат.

Мындан аркы түйшүктүү ишиңиздерди ийгиликтер коштосун! Калемиңиздер ар дайым адилеттүүлүккө, чынчылдыкка, элге кызмат кылсын!

Көңүл бурганыңыздар үчүн ыракмат!”.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: "Мейкин"журналисттерММКсыйлык
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ирандык режиссёрдун Газадагы балдардын тагдырын баяндаган «Периштелердин жери» тасмасы «Оскар» үчүн ат салышат

Ирандык режиссёрдун Газадагы балдардын тагдырын баяндаган «Периштелердин жери» тасмасы «Оскар» үчүн ат салышат

01.10.2026
Иранга таңууланган үч согуштун жүрүшүндө 350дөн ашык ЖМК кызматкери каза болду

Иранга таңууланган үч согуштун жүрүшүндө 350дөн ашык ЖМК кызматкери каза болду

10.08.2026
Президенттин атынан журналисттерге батирлердин ачкычтары тапшырылды

Президенттин атынан журналисттерге батирлердин ачкычтары тапшырылды

27.06.2026
Иран ШКУнун Телерадиоберүү союзун түзүүнү  сунуш кылды

Иран ШКУнун Телерадиоберүү союзун түзүүнү  сунуш кылды

25.06.2026
«Кыргыз туусу», «Слово Кыргызстана» гезиттери, «Ала Тоо», «Байчечекей» журналдары бириктирилди

«Кыргыз туусу», «Слово Кыргызстана» гезиттери, «Ала Тоо», «Байчечекей» журналдары бириктирилди

16.01.2026
«Курак» тасмасы Пусан эл аралык кинофестивалында эки сыйлыкка татыды

«Курак» тасмасы Пусан эл аралык кинофестивалында эки сыйлыкка татыды

26.09.2025
Футбол: «Алтын топту» Усман Дембеле алды

Футбол: «Алтын топту» Усман Дембеле алды

23.09.2025
Russia Todayдин башчысы Маргарита Симоньян ракка байланыштуу кызматынан кетиши мүмкүн

Russia Todayдин башчысы Маргарита Симоньян ракка байланыштуу кызматынан кетиши мүмкүн

10.09.2025
Reuters жана AP Израилге биргелешкен кат жолдоп, аба соккусунан каза болгон журналисттер тууралуу маалымат берүүнү талап кылышты: «Биз нааразыбыз»

Reuters жана AP Израилге биргелешкен кат жолдоп, аба соккусунан каза болгон журналисттер тууралуу маалымат берүүнү талап кылышты: «Биз нааразыбыз»

26.08.2025

Биздин Facebook


Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.