«Россия бүгүн» медиатобунун жана RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян 7-сентябрда «Вечер с Владимиром Соловьевым» берүүсүндө дарыгерлер ага «коркунучтуу, оор» оору диагнозун койгонун билдирди.
Ал өзүнө операция жасалаарын айтып, сол төш тарабын колу менен көрсөттү.
«Мен бүгүн эфирге келип, чындыкты айтышым керек деп чечтим, анткени элдин ушак-айыңдарга азыктанышына караганда чындыкты өзүң айтканың жакшы», — деди ал.
Кийинчерээк Симоньян сөзүндө мастэктомия тууралуу белгилеп өттү:
«Биз “Жаш гвардиянын” кыздарын эстегенде, аларга көкүрөгүн тирүүлөй кесип салышат деп билишкен — мага болсо наркоз менен жасашат…»
45 жаштагы Маргарита Симоньян дарыгерлер аныктaган оорунун аталышын айткан жок. The Moscow Times басылмасына жакын булактын айтымында, Симоньянга рак диагнозу коюлган жана анын ден соолугуна байланышкан олуттуу көйгөйлөр бар. Буга байланыштуу анын Russia Todayдеги ишин улантышы боюнча маселе каралып жатат жана кызматтан кетүү ыктымалдыгы талкууланууда.
Симоньян «Россия бүгүн» медиахолдингин жетектейт, анын курамына РИА Новости агенттиги жана Кремлдин чет өлкөлүк аудиторияга багытталган негизги пропагандалык куралы болгон RT телеканалы кирет. Каналдын бюджети толугу менен мамлекет тарабынан каржыланат. 2025-жылы бюджет мыйзамына ылайык, RTге 31,1 млрд рубль бөлүнгөн. АКШ жана Евробиримдик «Россия бүгүн», «РИА Новости», Russia Today, Симоньяндын өзү жана анын айрым кесиптештерине санкция киргизишкен.
Симоньяндын күйөөсү, режиссер Тигран Кеосаян, тогуз айдан бери комада жана абалы өзгөрүүсүз бойдон. Бул тууралуу RT башкы редактору өзүнүн Telegram-каналында жазган. Кеосаян 2025-жылдын январында клиникалык өлүмдү башынан өткөргөн. Ал 59 жашта, «Бедная Саша», «Ландыш серебристый», «Крымский мост» тасмаларынын режиссеру жана «Вечер с Тиграном Кеосаяном», «Международная пилорама» сыяктуу пропагандалык программалардын алып баруучусу катары белгилүү.



















