Монголиянын президенти Ухнаагийн Хүрэлсүх парламенттик оппозиция тарабынан коррупция боюнча айыптоолор коюлгандан кийин мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүү ниетин билдирди.
Мындай чечимге Монголиянын Демократиялык партиясынын өкүлдөрү тарабынан коюлган айыптоолор себеп болгон. Оппозиция өкүлдөрүнүн ырасташынча, мамлекет башчысы жана башка жогорку кызматтагы аткаминерлер темир жол куруу боюнча мамлекеттик долбоордон каржылык пайда көрүшү мүмкүн болгон. Кеп болжол менен 110 миллион долларлык коррупциялык схема тууралуу болуп жатат. Азырынча бул айыптоолордун негиздүүлүгү далилдене элек.
Мындан бир күн мурда Демократиялык партиянын парламенттик фракциясы мыйзам бузууга тиешеси бар делген бардык кызмат адамдарынын, анын ичинде президенттин да кызматтан кетишин талап кылган. Ошондой эле оппозиция өкүлдөрү бул иштин жагдайларын иликтөө үчүн атайын комиссия түзүүнү сунушташкан.
Басмасөз жыйынында Хүрэлсүх өзүнө коюлган айыптоолорду четке кагып, объективдүү иликтөө жүргүзүлүшү үчүн оппозициянын кызматтан убактылуу четтөө талабына макул экенин билдирди. Анын айтымында, ал укук коргоо органдарына кайрылып, өзүнүн аброюн калыбына келтирүүгө ниеттенүүдө.
Ошол эле учурда президент расмий түрдө кызматтан кете элек. Анын билдирүүсүн Монголиянын парламенти — Улуу Мамлекеттик Хурал карашы керек. Эгер депутаттар отставканы жактырса, мамлекет башчысынын милдеттери убактылуу парламент төрагасына өткөрүлөт. Ал эми жаңы президенттик шайлоо төрт айдын ичинде өткөрүлүүгө тийиш.
Хүрэлсүх 2021-жылдын июнь айынан бери Монголияны башкарып келет. Президент болуп шайланганга чейин өлкөнүн премьер-министри кызматын аркалаган.



















