2019-жылы Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга бир нече коррупциялык иштер боюнча айып тагылган. Ал бул айыптарды четке кагып, өткөн жылдын ноябрында Израилдин президентине кечирим сурап кайрылган. АКШнын президенти Дональд Трамп Нетаньяхуну кечирүүнү талап кылууда.
Израилдин президенти Ицхак Герцог коррупцияга айыпталып жаткан премьер-министр Биньямин Нетаньяхуну кечирүү өтүнүчүн четке какты, деп The Times of Israel билдирет.
Буга чейин Герцог Нетаньяхуну кечирүү боюнча чечимди кийинкиге калтырып, премьер-министр менен башкы прокурордун ортосунда күнөөнү моюнга алуу боюнча келишимге ортомчу болууну көздөп жатканы кабарланган.
Басылманын булактарынын айтымында, Ицхак Герцог «кечирүү же кечирбөө» дегенден башка да көптөгөн варианттар бар деп эсептейт.
«Мурда айтылгандай эле, президент Ицхак Герцог премьер-министр Нетаньяхунун иши боюнча тараптар ортосунда келишимге келүүнү туура жана татыктуу чечим деп эсептейт», — деп президенттик аппараттын өкүлү билдирди.
АКШнын президенти Дональд Трамп Нетаньяхуну кечирүүнү талап кылууда. Ал Герцогду мындай чечимге барбаганы үчүн «алсыз жана аянычтуу» деп атады.
«Мен Биби [Нетаньяху] согушка көңүл бурушун каалайм, болбогон нерселерге эмес», — деди Трамп.
Нетаньяху коррупция боюнча айыптарды четке кагып, өткөн жылдын ноябрында Израилдин президентине кечирим сурап кайрылган.
Нетаньяхуга карата коррупция иши боюнча иликтөө 2016-жылдын декабрында башталып, 2019-жылы бир нече эпизод боюнча айып тагылган. Тактап айтканда, ал миллиардер жана Голливуд продюсеринен жеке кызматтар үчүн ондогон миң долларлык сигара жана шампан алган деп айыпталууда. Ошондой эле Нетаньяху медиа магнаттарына өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн ишмердүүлүгүн оң чагылдыруу үчүн кызмат көрсөткөн деп шектелүүдө.


















