Дээрлик бүт өмүрүн “темир өпкө” жасалма дем алуу аппаратында өткөргөн америкалык Пол Александр 78 жашында каза болду. Ал дүйнө жүзү боюнча көптөгөн адамдарга шыктандыруучу болгон. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазып чыкты.
Александр 11-мартта эле каза болгон, бирок бул тууралуу бүгүн гана белгилүү болду. Өлүмдүн себеби азырынча белгисиз.
Пол Ричард Александр 1946-жылы 30-январда Даллас шаарында туулган. Алты жашында полиомиелиттин оор түрү менен ооруган. Бала мойнунан ылдый шал болуп калып, трахеотомиядан кийин темир капсулага салынган.
Ал аппарат Ангстрем же “темир өпкө” деп аталган. Ал биринчи жолу XIX кылымдын аягында полиомиелит оорусунун санынын өсүшүнүн фонунда пайда болгон, кийин 1952-жылы жакшыртылган. Анын жаратуучулары Филип Дринкер жана Луи Шоу болгон.
Аппараттын узундугу 2 метрден бир аз ашат, салмагы – 340 кг. Ал герметикалык барокамера болуп саналат, анын ичинде атмосфералык басымдан айырмаланган басым түзүлөт. Аппарат адамдын өпкөсүнө абаны киргизип жана кайра чыгарып, дем алууга жардам берет.

Александр аппаратка байланганына карабастан, 21 жашында орто мектепти бүтүрүп, кийин Далластагы Түштүк Методист университетинде жана Остиндеги Техас университетинде окуп, юрист болуп чыккан. 1984-жылы юриспруденция илимдеринин доктору наамын алып, көп өтпөй жеке адвокаттык практиканы баштаган. Жаш кезинде ал бир нече саат бою аппаратсыз жүрө алган, бирок кийин ага байланып калган.
2018-жылга чейин дүйнөдө мындай капсулада үч адам жашаган, бирок 2020-жылы Пол Александр гана калган. Ал “темир өпкөнүн” жардамы менен эң көп жашаган адам катары Гиннесстин рекорддор китебине кирген. Кийинчирээк “Ит үчүн үч мүнөт. Темир өпкөнүн ичинде жашаган адамдын окуясы” аттуу автобиографиялык китебин жазган.
Анын физикалык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгонуна карабастан, ал өзүнүн позитивдүү маанайы жана жылмаюусу менен белгилүү болгон.
Полиомиелит же балдардын шал оорусу – борбордук нерв системасын жабыркатчу инфекциялык илдет. Эгер өтүшүп кетсе баланы шал кылып коёт, атүгүл өлүмгө алып келиши мүмкүн.






















