Эл арасында, өлкөбүздүн мусулман жамаатында Кыргызстандан Меккеге ажылык парзын аткаруу үчүн барган зыяратчылар бекер жаткан вакф мейманканалардын таржымалы тууралуу ар кандай сөздөр айтылып келүүдө. Жакында Кыргызстандан Меккеге Муфтияттын кызматкерлери барышып, ошол жатаканалардын ээси Якуб – Бектин уулу Абдулла менен жолугушуп, так маалымат алышып келген. Бул тууралуу аталган курамдын мүчөсү, Муфтияттын кызматкери Бакыт Нурдинов өзүнүн социалдык барагына төмөндөгүдөй маалымат жазган:
“Такталган маалыматты билдирип коюну туура көрдүм.
Сөз, Мекке шаарындагы Кыргызстандыктарга көп жылдан бери бекер берилип келген Вакф жатаканалар боюнча болмокчу. Буга чейин бекер берилип келген жатаканалар боюнча ар кандай, чар жайыт маалыматтар таралып келгендигин билебиз, анткени тарыхий бир дагы далилдүү кагаздар да жок эле. Жакын арада Кыргызстандан 2024 – жылдагы ажылык сапардагы даярдыкты көрүүгө барган комиссия жогоруда айтылган жатаканалар, тактап айтканда Мекке шаарындагы Кыргызстандыктарга бекер жатаканаларды берген Вакфтын (Якуб – Бек) ээлери Абдуллатиф Балто менен Доктор Саиддин уулу Абдулла менен жолуктук.
Иш арада Абдуллатиф Балтого Якуб – Бек таржымалы боюнча суроо узаттык. Ага айттык, “Кыргызстанда Якуб – Бек боюнча ар кандай сөздөр айтылып жатат. Якуб – Бек деген Жакыпбек аттуу Кыргыз экен. Ал өзүнүн үч шериги менен Мекке шаарына келишип, Каабанын айланасынан үйлөрдү сатып алышып, ошол үйлөр Вакф болуп калтырылган жана башка ар кандай маалыматтардын чындыгын тастыктап бериңизчи” – дедик. Абдуллатиф Балто төмөндөгүдөй маалыматтарды берди. “Якуб- Бек Кокон хандыгында аскер кызматында иштеген адам болгон, кийин Кашкарга барып аскер башчы болуп кызмат өтөгөн…
Мекке шаарына атайын өзүнүн адамдарын ошол кездеги 5 миң риал акчаны берип жөнөтүп, ал каражатка Каабанын айланасынан 3 үй, мындайча айтканда жатакана сатылып алынып, кийин ошол жатаканаларды Сауд Араб мамлекети сатып алып, ал каражатка азыркы кезде Кыргызстандык ажылар жатып жүрүшкөн ” Азизия” жана “Давар Кудей”деги аймактардагы жатаканалар сатылып алынгандыгын жана Якуб – Бек ошол жатаканаларга Кокондон – Кашгардан – Ташкенттен – Бухарадан ажылыка келгендер бекер жатып кетишсин деп мурас калтырып кеткен. Ошол мурасты аткарыш үчүн Кашкардан келген Уйгурларды жаткырып аттык, кийин алар да чыгып кетишти.
Андан кийин Ташкент менен Бухарадан Өзбектерди чакырдык, алар дагы Вакфтан чыгып кетишти. Кийин Кыргыздар бизге чыгышты, карап көрсөк алар ошол кездеги Кокондуктарга кирет экен, ошону менен азыркыга чейин иштешип келебиз ” – деп айтты. Биз Абдуллатиф Балтодон сурадык, ” Якуб – Бек Меккеге ажылыка келгенби” – деп. Ал айтты, ” жок келген эмес” – деп. Интернеттен Якуб – Бек боюнча карап да көрдүм, Магомет Якуб бек Бадаулет ( Аталык Кашкарский) деген Абдуллатиф Балтонун айткандарына туура келди, кызыксаңар силер дагы карап көрсөңөр болот. Кыскасы Меккедеги Кыргызстандык 6060 адам быйыл да бара турган Вакф жатаканалардын тарыхы ушундай экен”.





















