1447-хижрий жылдын башталышы менен Сауд Аравиясы Каабанын жабуусун алмаштырды.
Сауд Аравиясындагы аль-Харам жана ан-Набавинин мечиттери (Пайгамбар мечити) иштерин башкарган Башкы башкармалык 25-июндун кечинде Каабанын жабуусу (кисва) жаңыланганын билдирди.
Жаңылоо иши 154 адистен турган топ тарабынан аткарылып, жалпы салмагы 1415 килограмм болгон 47 жаңы бөлүктөн турган жабуу бир нече саат ичинде орнотулду.
Жаңы жабууну даярдоо үчүн 825 кг таза жибек, 180 кг күмүш жана алтын колдонулган.
Мурунку жабуу жаңысына алмаштырылгандан кийин Замзам суусу менен жуулуп, ислам өлкөлөрүндөгү музейлерге көргөзмөгө жиберилет.
Каабанын жабуусуна Курандагы аяттар күмүш жана алтын жиптер менен саймаланып жазылат.
Дүйнөдөгү эң чоң тигүүчү машинада жасалган
Каабанын жабуусу Меккеде жайгашкан Падыша Абдулазиз атындагы Кисва өндүрүш комплекси тарабынан даярдалат. Бул жерде 200гө жакын усталар жана кызматкерлер эмгектенишет.
Комплексте узундугу 16 метрди түзгөн дүйнөдөгү эң чоң компьютерлештирилген тигүүчү машина орнотулган.
Буга чейин Сауд Аравиясы Каабанын жабуусун Зуль-хижжа айынын 9-күнү, Арафа күнү алмаштырып келген.
Бирок 2022-жылы бул салт өзгөртүлүп, азыркы учурда жабуу хижрий жылдын башы болгон Мухаррам айынын 1-күнү — ислам ай календары боюнча жаңы жылдын башында алмаштырылат.


















