Eurasiatoday
Жума, 27-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Хаж-2025: 1,6 миллион зыяратчы же ажылыкка баргандардын азайышынын себептери

  • Дин
  • 09.06.2025 07:46

Loading

Быйыл акыркы ондогон жылдардагы эң аз зыяратчылардын саны катталды — пандемия учурун эсепке албаганда.

Сауд Аравиясынын Башкы статистика башкармалыгынын (GASTAT) маалыматына ылайык, 2025-жылы 1 673 230 адам хаж амалын аткарды.

Алардын ичинен:

Тема боюнча

Ш. Мирзиёев дүйнөдөгү эң таасирдүү 50 мусулмандын катарына кирди: Өзбекстандын президенти эмнеси үчүн белгиленди?

Ш. Мирзиёев дүйнөдөгү эң таасирдүү 50 мусулмандын катарына кирди: Өзбекстандын президенти эмнеси үчүн белгиленди?

14.11.2026
  • 1 506 576 зыяратчы — падышалыктан тышкаркы 171 өлкөдөн келгендер,

  • 166 654 киши — Сауд Аравиясынын жарандары жана өлкөдө жашаган чет элдиктер.

Жынысы боюнча бөлүнүшү:

  • Эркектер — 877 841,

  • Аялдар — 795 389.

Зыяратчылардын көпчүлүгү учак менен келишкен — 1,435 миллион адам.
Кургактык аркылуу чек арадан өткөндөр — 66 465,
Деңиз жолу менен келгендер — 5 100.

Мурда Сауд Аравиясынын ИИМи 269 миңден ашуун визаcыз келген адам кайтарылганын, ал эми 76 миңден ашуун эреже бузуучулар кармалганын билдирген. Аларга депортация, айып пул жана 10 жылдык кирүүгө тыюу салуу коркунучу бар. Ошондой эле 252 жасалма хадж-компаниясы жана 1 239 мыйзамсыз ташуучу аныкталган. 110 миңге жакын автоунаа Меккеге киргизилген эмес, анткени алар талаптарга жооп бербеген.

GASTAT билдиргендей, 2025-жылдагы (хижра боюнча 1446-жыл) хаждын статистикасы Сауд Аравиясынын ИИМинин расмий маалыматтарына таянган.

Зыярат учурунда 250 миңден ашык кызматкер коопсуздук, саламаттыкты сактоо жана логистика тармагында иштеген.

Саудиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, быйыл эстен тануу учурлары өткөн жылга салыштырмалуу 90% азайган. Бул көбөйтүлгөн көлөкө зоналары жана медициналык пункттардын аркасында мүмкүн болгон.

Мекке провинциясынын вице-губернатору, ханзаада Сауд бин Мишал төмөнкүлөрдү айтты:

«Аллах бизге Өзүнүн ыйык жерлерине кызмат кылуу шертин берди. Тартипти камсыздоого болгон чын дилден мамиле — бул абдан маанилүү.»

Хаж-2025 расмий түрдө 4-июндан 9-июнга чейин (Зул-хижжа айынын 8–13-күндөрү) өттү.

The Islamic Information порталы маалымдагандай, быйыл зыяратчылардын саны акыркы 30 жылдагы эң төмөнкү көрсөткүчкө түштү (пандемия жылдарын эсептебегенде).

Мисалы, 2012-жылы рекорддук 3,16 миллион киши хажга барган — бул 2025-жылдагы сандан эки эсеге көп.

Зыяратчылардын санынын азайышына мүмкүн болгон себептер:

  1. Экономикалык кыйынчылыктар — дүйнөлүк инфляция, транспорт, турак жай жана курмандык бааларынын өсүшү. Бул айрыкча Түштүк Азия жана Африканын аз камсыз болгон мусулмандарына тоскоол болду.

  2. Катаал визалык жана медициналык талаптар — пандемия маалында киргизилген вакцинанын милдеттүүлүгү, медициналык маалымкаттар ж.б. 2025-жылы да сакталды. Бул бюрократиялык тоскоолдуктарды көбөйттү.

  3. Өтө ысык аба ырайы — Мекке жана анын тегерегинде температура бир нече күн +40°Cдан ашты. Бул улуу курактагы мусулмандарды хажды кийинки жылга жылдырууга түртүшү мүмкүн.

Саудия бийлиги бул факторлорду анализдеп, келечекте хажды арзандатуу жана жөнөкөйлөтүү боюнча чаралар көрүлөрүн убада кылууда. Ошол эле учурда коопсуздук жана санитардык талаптар жогорку деңгээлде сактала берет.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Ажылык-2025динМеккеМуфтият
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Израиль Меккеге чабуул жасап, жоопкерчиликти йемендик хуситтерге жүктөөнү көздөгөнбү?

Израиль Меккеге чабуул жасап, жоопкерчиликти йемендик хуситтерге жүктөөнү көздөгөнбү?

16.11.2026
Ш. Мирзиёев дүйнөдөгү эң таасирдүү 50 мусулмандын катарына кирди: Өзбекстандын президенти эмнеси үчүн белгиленди?

Ш. Мирзиёев дүйнөдөгү эң таасирдүү 50 мусулмандын катарына кирди: Өзбекстандын президенти эмнеси үчүн белгиленди?

14.11.2026
Азербайжанда хижабга тыюу салууга каршы митингдин жүздөгөн катышуучулары кармалганы айтылды

Азербайжанда хижабга тыюу салууга каршы митингдин жүздөгөн катышуучулары кармалганы айтылды

14.10.2026
Ислам биримдигинин 40-конференциясы Тегеранда, Кумда жана Мешхедде өтөт

Ислам биримдигинин 40-конференциясы Тегеранда, Кумда жана Мешхедде өтөт

25.08.2026
Бишкек шаарынын имамдары бирдиктүү формага өтүштү

Бишкек шаарынын имамдары бирдиктүү формага өтүштү

07.08.2026
Медреседен жогорку диний билимге карай: Кыргызстанда ислам билим берүү чөйрөсү кандай өзгөрүп жатат

Медреседен жогорку диний билимге карай: Кыргызстанда ислам билим берүү чөйрөсү кандай өзгөрүп жатат

06.08.2026
Экстремизм көрүнбөгөн коркунуч: Көзөмөлдүн күчөшүбү же коркунучтун өсүшүбү?

Экстремизм көрүнбөгөн коркунуч: Көзөмөлдүн күчөшүбү же коркунучтун өсүшүбү?

16.07.2026
Манас шаарындагы касапканаларда шарият талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Манас шаарындагы касапканаларда шарият талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

13.07.2026
Бишкекте «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды

Бишкекте «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды

09.07.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
223 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.