Мароккодо GenZ 212 жаштар кыймылынын өкүлдөрү коррупцияга жана 2030-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна кеткен мамлекеттик чыгымдарга каршы ири нааразылык акцияларын баштады. Митингдер учурунда ондогон адамдар кармалып, полиция менен кагылышуулар болду.
Morocco World News басылмасы жазгандай, акциялар сентябрдын аягында башталган. Өлкө боюнча ондогон камоолор катталды: жекшемби күнү Касабланкада жолду жапкандан кийин 21 демонстрант кармалган; шейшемби күнү Беркан шаарында 49 адам, анын ичинде 16 өспүрүм жана бир аял камакка алынган. Рабат шаарында болсо жүздөн ашуун адам кармалганы кабарланды.
30-сентябрда Уджда шаарындагы нааразылык акциялары коопсуздук кызматкерлеринин жана демонстранттардын жаракат алышына алып келди. Улуттук коопсуздук кызматынан 32 кызматкер, ошондой эле беш аскер жана үч жаран жаракат алышкан.
Эки жума мурда Агадир шаарындагы Хасан II атындагы аймактык оорукананын «кызмат көрсөтүүнүн начарлашына» каршы митингден башталган бул толкун кийин социалдык талаптар менен уланды. Жаштар көчөгө чыгып, эркиндик, социалдык адилеттүүлүк, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагында реформаларды талап кылышууда.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) 2023-жылдагы маалыматы боюнча, Марокконун аймактарында 10 миң тургунга болгону 4,4 медицина кызматкери туура келет, ал эми сунушталган норма — 25. Митингчилер саламаттык сактоодогу көйгөйлөрдү түздөн-түз дүйнө чемпиондугуна даярдыкка кеткен инвестициялар менен байланыштырышууда.
2030-жылкы ФИФАнын 24-дүйнө чемпиондугунун финалдык бөлүгү жайында өтөт. Эл аралык федерация Испанияны, Португалияны жана Мароккону бул иш-чаранын кожоюндары катары бекиткен.
Мароккодогу митингдер «зумерлердин көтөрүлүшүнүн» глобалдык трендинин бир бөлүгү болуп калды. Сентябрь айында Перуда да Z муунунун жетекчилиги алдында өкмөткө каршы кеңири нааразылыктар өткөн.

















