Шаб-е Ялда — иран эли үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон байыркы майрамдардын бири. Ал күз мезгилинин акыркы түнүндө, башкача айтканда жылдын эң узун түнүндө белгиленет. Бул күнү үй-бүлө мүчөлөрү, туугандар жана жакындар бир дасторкондун тегерегине чогулуп, майрамдык маанайда түндү өткөрүшөт.
Бул майрамдын тарыхы миңдеген жылдарга барып такалат жана бүгүнкү күнгө чейин дээрлик өзгөрүүсүз сакталып келе жатат.
Григориан календары боюнча бул күн 21-декабрдан 22сине караган түнү, ал эми Ирандын расмий календары боюнча 30-азардан 1-дей айына караган түнгө туура келет.
Башкача айтканда, Ялда түнү күз мезгилдин акыркы күнү күн баткандан баштап, кыш мезгилинин биринчи күнү күн чыкканга чейин майрамдалат, анткени бул күндөн баштап түн кыскара баштайт. Ирандыктар бул күнү кыш мезгилин тосушуп, өзгөчө жөрөлгөлөрдү өткөрүп, алдыда кыш жакшы болсо экен деп тиленишет.
Ялда түнү убакыт жагынан болгону бир мүнөткө узун болгонуна карабастан, анын символдук мааниси чоң. “Ялда” деген сөз “төрөлүү” же “жаралуу” деген маанини билдирет. Тарыхый булактарда, анын ичинде Абу Райхан Берунинин эмгектеринде, бул түн “Күндүн төрөлүшү” деп аталганы айтылат.
Тарыхчылардын айтымында, Ялда түнүнүн тарыхы 7 миң жыл мурунку доорлорго барып такалат. Муну байыркы чопо идиштердеги жаныбарлардын сүрөттөрү — кочкор, чаян сыяктуу белгилер тастыктайт. Ал эми расмий майрам катары Ялда биздин заманга чейин 500-жылдары, Дарий I падышанын тушунда иран календарына киргизилген.
- Ялда дасторкону жана анын символдору:
Бул майрамдын дагы бир чоң өзгөчөлүгү ирандыктар өзгөчө дасторкон жайышат. Дасторкондун үстүн ар кандай тамактарга, мөмө-жемиштерге жана кургатылган мөмөлөргө, өзгөчө анар, дарбыз жана башкалар менен толтурушат. Дарбыз – бул түндүн эң негизги жемиши. Бул түнү дарбыз жеген адамдын жыл бою ден-соолугу чың болуп, оору-сыркоодон алыс болот деп ишенишет. Анар жана дарбыздын — кызыл түсү күндү, кубанычты жана берекени символдоштурат. Ошондой эле дасторконго жаңгактар жана кургатылган мөмөлөр коюлат.
- Салттуу жөрөлгөлөр:
Ирандыктар дасторкон үстүндө перс акындарынын, өзгөчө Хафиздин ырларын окушат. Көп аймактарда күйөө баланын үй-бүлөсү жаңы келинге белек-бечкек алып барышат.
Ялда түнү — бул жөн гана майрам эмес, ал иран элинин тарыхын, маданиятын жана үй-бүлөлүк баалуулуктарын сактап келген салт болуп эсептелет.





















