Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу Өзбекстанга келген туристтердин саны 27,3%га өстү.
Үстүбүздөгү жылдын январь–май айларында Өзбекстанга 5 миллион 351 миң 868 чет элдик турист келген.
Өзбекстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жылдын алгачкы беш айында туристтик максатта өлкөгө келген чет элдик жарандардын саны өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1 миллион 100 миң адамга, же 27,3%га көбөйүп, 5 миллион 351 миң 868 адамга жеткен.
Бул мезгилде Өзбекстанга эң көп турист келген алдыңкы он өлкө төмөнкүлөр болду:
- Кыргызстан — 1 миллион 539 миң 503 адам;
- Казакстан — 1 миллион 246 миң 689 адам;
- Тажикстан — 1 миллион 211 миң 60 адам;
- Орусия — 465 миң 885 адам;
- Афганистан — 198 миң 910 адам;
- Кытай — 178 миң 121 адам;
- Түркмөнстан — 136 миң 997 адам;
- Түркия — 78 миң 312 адам;
- Индия — 20 миң 807 адам;
- Германия — 18 миң 291 адам.
Акыркы жылдары Өзбекстан туристтик инфраструктурага жигердүү инвестиция салып, виза алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүп, өлкөнү эл аралык деңгээлде таанытуу боюнча кеңири өнөктүктөрдү жүргүзүп келет. 2019-жылы Өзбекстанга 6 миллион 748 миң турист келген.
Өткөн жылы Өзбекстан 11 миллион 700 миң чет элдик туристти кабыл алган. Бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 46,8%га өсүп, байкоолор жүргүзүлө баштагандан берки эң жогорку жылдык өсүү темпи катары катталган.
Өзбекстандын бийлиги 2026-жылдын аягына чейин чет элдик туристтердин санын 15 миллионго, ал эми орто мөөнөттүү келечекте 20 миллионго жеткирүүнү максат кылууда.


















