Өлкө аймагында көп жылдан бери эскирип турган мектептер, балдар бакчалары, маданият үйлөрү, спорт объектилери, таза суу, административдик имараттардын курулуштары жанданып, кызуу жүрүүдө. Өлкө аймагында учурда 501 имараттын курулушу башталган, анын ичинде 204ү мектеп. Быйыл жаңы окуу жылына карата бир күндө 43 мектеп, 5 спорт зал, 3 бала бакча колдонууга берилди. Жыл аягына чейин 100 билим уясынын имараты бүткөрүлөт.
Республика боюнча 451 көп кабаттуу турак үйлөр курулуп жатат. Алардын жалпы аянты 5 млн. 552 миң чарчы метрди түзөт.
Эки жолку чек арадагы куралдуу кагылышта жабыркаган үйлөр кайра башынан курулуп, быйыл баткендиктерге 420 жаңы турак жайдын ачкычы тапшырылды.
2023-жылы социалдык – маданий багыттагы объектилерди курууга мамлекеттик каражаттардан 8,8 млрд. сом бөлүнгөн, аларга республика боюнча 144 объекттин ошондой эле өнөктөштөр линиясы боюнча 73 ар кандай объектилердин курулушун аяктоо каралган. Жылдын аягына чейин социалдык-маданий багыттагы 80 объекти бүткөрүлөт.
Бишкек шаарында жаңы Президенттик Администрациянын имаратынын курулушу жүрүп жатат.
Өлкө аймагында бир катар заманбап парктар салынып, колдонууга берилди.
– Бишкектин борборундагы көп функционалдуу Заманбап комплекс – беш жылдыздуу отелди, бизнес-борборду, турак жай жана соода аянттарын камтыйт. Быйылкы жылы курулуш тармагында өсүү темпи 11,2% ды түзөт.



















