АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Жон Керри Дональд Трамптан башка АКШнын бир да президенти Нетаньяхунун Иранга чабуул жасоо планын кабыл алган эместигин биллдирди.
Анын айтымында, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Барак Обаманын президенттик мезгилинде Иранга кол салуу боюнча пландарды сунуштаган. Бирок Обама бул планды четке каккан.
АКШнын башка президенттери — Жо Байден жана Жорж Буш да бул пландарга каршы болушкан.
“Трамп — Иранга кол салуу планын кабыл алган жалгыз АКШ президенти”, – деди Керри телеканалдардын бирине берген маегинде.
Башка саясый талдоочулар да белгилешкендей, АКШнын ар кайсы доордогу президенттери Иран менен аскердик кагылышууга киришүүнүн коркунучтарын түшүнүп, мындай өтө кооптуу чечимден оолак болушкан.



















