Eurasiatoday
Жума, 27-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Иран  өзөктүк программасын токтотууну көздөбөйт

  • Батыш Азия
  • 27.11.2026 10:58

Loading

Ирандын Атомдук энергия боюнча уюмунун жетекчиси Мохаммад Эслами өлкөнүн өзөктүк технологиялар жаатындагы өнүгүүсүн токтотуу мүмкүн эместигин билдирди. Анын айтымында, Иран өзөктүк курал жасоо программасын жүргүзүп жатат деген каршылаш тараптын билдирүүлөрү өлкөнүн илимий өнүгүүсүнө тоскоолдук кылууга багытталган.

Ирандын Атомдук энергия боюнча уюмунун жетекчиси Мохаммад Эслами бейшемби күнү эртең менен Гилян провинциясынын Рашт шаарында радиоактивдүү материалдарды кайра иштетүү борборунун ачылыш аземинде өлкөнүн өзөктүк технологиялар жаатындагы өнүгүүсүн токтотуу мүмкүн эместигин билдирди.

Анын айтымында, борбордун биринчи кезектеги курулуш иштери аяктап, бул өлкөнүн алдыңкы технологияларды өнүктүрүү жолундагы маанилүү кадам болуп саналат.

Тема боюнча

Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

26.11.2026

Эслами Ислам Республикасынын душмандарынын негизги көйгөйү — өлкөнүн алдыңкы технологиялар рыногуна чыгышы жана илимий потенциалга ээ болушу экенин белгиледи. Анын айтымында, мындай жетишкендиктер өлкөгө күч-кубат жана аброй алып келет, бирок алар Иран элинин ушундай мүмкүнчүлүктөргө ээ болушун каалашпайт.

Ал дүйнөлүк державалар эгемендүү өлкөлөрдүн алдыңкы технологияларга жетүүсүн чектөөгө көптөн бери аракет кылып келатканын айтып, буга мисал катары АКШнын мыйзамдарын жана саясатын, анын ичинде 1950-жылдары Конгресс тарабынан кабыл алынган мыйзам актыларын келтирди.

Эслами АКШ президенттеринин Ирандын өзөктүк ишмердүүлүгүнө байланыштуу каттарына жана билдирүүлөрүнө токтолуп, алар узак убакыттан бери Ирандын бул тармакта иш алып баруусуна тоскоолдук кылууга аракеттенип келгенин белгиледи. Ошол эле учурда өзөктүк технологиялар адамзаттын маанилүү жетишкендиги экенин жана алар так белгиленген эл аралык эрежелер менен нормаларга ылайык колдонулушу керектигин айтты.

Ал айрым державалардын Ирандын өзөктүк ишмердүүлүгүнө карата саясий мамилесин сынга алды. Эсламинин айтымында, эгер каршы тараптын документтер менен тастыкталган жүйөлөрү жана негиздемелери жок болсо, анда ал өлкөнүн өнүгүүсүн токтотуу үчүн ар кандай иштерди уюштуруп, Иранды өзөктүк курал жасоого умтулуп жатат деп айыптоого өтөт.

Эслами акыркы жылдары атайын кызматтар жана ар кандай басылмалар тарабынан жарыяланган маалыматтар менен документтер мындай өнөктүктөрдүн максаты Ирандын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылуу экенин көрсөтүп турганын билдирди. Анын белгилешинче, Ирандын өнүгүү жолу билимге, изилдөөлөргө, мүмкүнчүлүктөргө жана илимий абройго негизделген.

Анын айтымында, өзөктүк технологиялар — илимий абройдун жана улуттук байлыктын булагы. Уюмдун негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын кыска убакыттын ичинде даяр продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө айландыруу мүмкүнчүлүгү. Натыйжага багытталган изилдөөлөр билимди тез арада практикалык колдонууга мүмкүндүк берет.

Айыл чарбасында радиациялык технологияларды колдонуу маселесине токтолгон Эслами өлкөнүн айыл чарба продукцияларына болгон ички керектөөлөрүн канааттандыруу жана импортко көз карандылыкты азайтуу негизги милдет экенин белгиледи. Анын айтымында, ички өндүрүштү өнүктүрүү өлкөнүн керектөөлөрүн камсыз кылуу менен бирге экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү да кеңейтет.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: жаңы технологияларилимиранөзөктүк программа
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

26.11.2026
Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

26.11.2026
Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

26.11.2026
Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

26.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
«The Economist»: 2027-жылы Жакынкы Чыгышта согуш азаят, бирок тынчтык орнобойт

«The Economist»: 2027-жылы Жакынкы Чыгышта согуш азаят, бирок тынчтык орнобойт

26.11.2026
Иран АКШ киргизген блокаданы бузуп өтүүгө ниеттенүүдө

Иран АКШ киргизген блокаданы бузуп өтүүгө ниеттенүүдө

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Иран элчилигинде Таласбек Машраповго Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы илимий-маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүлдү. Сүрөт

Иран элчилигинде Таласбек Машраповго Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы илимий-маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн урмат-сый көрсөтүлдү. Сүрөт

26.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
222 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.