Жогорку Кеңеш “КР мамлекеттик символдору жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда колдоду. Желекти өзгөртүүгө 66 депутат “макул” добуш берип, сегизи “каршы” болду.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Улан Примов туудагы айрым элементтерге тактоо киргизип, өзгөртүү сунушталып жатканын айтты.
“Мыйзам долбоорунун кабыл аланышы менен туунун сүрөтү түшүрүлгөн бардык документтер жана башка керектүү жабдыктар дароо эмес, этабы менен алмаштырылат”, – деди Примов.
Депутат Акбөкөн Таштанбеков мыйзамдын күчүнө кириши менен жарандык документтерди, унаалардын мамлекеттик номерлерин алмаштыруу зарылдыгы жараларын айтып, жарандарды убарагерчиликке алып келбейби деген суроо салды.
Демилгечилердин бири Нурланбек Шакиев биринчи кезекте Кыргызстанын чет мамлекеттеги элчиликтеринде, эл аралык уюмдарда жана өлкө ичиндеги мамлекеттик мекемелерде гана илинген туулар өзгөрөрүн белгилеп, бул ашыкча каражатты талап кылбай тургандыгын айтты.
Депутат Максатбек Сарбагышев мамлекеттик символдордун бири болгон туунун авторлоруна кайрылып, алардын өзгөрүүгө карата пикирине кызыкты. Туунун авторлорунун бири Жусуп Матаев алгачкы документтерде туудагы күн нурлары тик болгонун, кабыл алуу учурунда толуктоо сунуштары менен өзгөртүлгөнүн кошумчалады.
Депутат Миргүл Темирбаева менен Тазабек Икрамов тууну өзгөртүүнүн максатка ылайыктуулугу боюнча маселе көтөрүштү. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Улан Примов бул мыйзам долбоору туунун түп нускасына кайтууну сунуштап жатканын белгиледи.
Эл өкүлү Арсланбек Малиев желектин айрым элементтерин өзгөртүү боюнча бир катар сунуштарын айтып, мамлекеттик символикага өзгөртүү киргизүү керектигин баса белгиледи.
Депутат Акылбек Түмөнбаев мыйзам долбоорунун концепциясын колдоо керектигин айтып, туу өзгөрбөстүгүн, анын жеке элементи деталдаштырып жатканын кошумчалады.
Кечээ, 28-ноябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон.
Эске салсак, сентябрдын аягында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов өлкөнүн желегин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышкан. Демилгечилер мыйзам долбоору өлкөнүн негизги мамлекеттик символдорунун бирин жакшыртууга багытталып жатканын белгилешкен. Тууну өзгөртүү демилгеси коомчулукта кызуу талкуулана баштап, аны колдогондор да, каршы болгондор да болду. Бул демилгени буга чейин президент Садыр Жапаров да, УКМКнын төргасы Камчыбек Ташиев да колдой турганын билдирген.



















