Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында беш жаңы депутат ант берди.
Алар:
- Тыналиев Айжигит;
- Марипов Бакытбек;
- Эгембердиев Арсланбек;
- Бердиев Аккулу;
- Айдаралиев Эрнис.
Айжигит Тыналиев №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан, Бакытбек Марипов №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунан, Арсланбек Эгембердиев «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан, Аккулу Бердиев «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан, Эрнис Айдаралиев «Ыйман Нуру» саясий партиясынан шайланды.
Белгилей кетсек, Айжигит Тыналиев Максатбек Сарыбагышевдин ордуна, Бактыбек Марипов Жусупбек Коргонбай уулунун ордуна, Арсланбек Эгембердиев Мейкинбек Абдалиевдин, Аккулу Бердиев Адахан Мадумаровдун, Эрнис Айдаралиев Нуржигит Кадырбековдун ордуна депутат болду.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин айтымында, Шайлообек Атазовдун ордуна шайланган №29 Свердлов шайлоо округунан шайланган Жумабек Салымбеков жыйынга ден соолугуна байланыштуу келбей калды.



















