Бүгүн, 27-январда Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан сунушталган Кыргызстандын жаңы гимнинин үч долбоорун укту.
Жыйынга маданият министри Мирбек Мамбеталиев баштаган гимндин тексти менен музыкасынын жаңы редакциясынын долбоорун тандоо боюнча комиссиянын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирип, түз эфир аркылуу жыйындын жүрүшүн чагылдырды.
Аталган комитеттин төрагасы Курманкул Зулушев Парламенттин кароосуна Мамлекеттик гимндин тексти жана музыкасынын үч варианты сунушталганын билдирди. Ал эми М. Мамбеталиев комиссия тарабынан жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат берип, бир жыл ичинде келип түшкөн бардык чыгармалар кылдат каралып чыкканын, жыйынтыгында үч вариант тандалганын айтты.
Анын берген маалыматына караганда, 2025-жылдын 16-июнунан 17-июлуна чейин сынакка 79 жарандын 132 долбоору жазуу түрүндө жана электрондук почта аркылуу берилген. Ошондой эле 25-июлда комиссия беш вариантты тандап алып, алардын үчөөнү Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштаган.
Жыйында К. Зулушев сунушталган үч вариант тең мазмуну, тексти жана музыкалык жактан азыркы гимнден жогору эместигин билдирип, азыркы сунушталган варианттарды толук кандуу чечим катары кароого мүмкүн эместигин белгиледи. Депутат Нурланбек Азыгалиев да гимн жарандардын духун көтөрүп, жалпы баалуулуктарды эске салуусу керектигин айтып, сынакты улантып, мазмуну жана көркөмдүк деңгээли жогору болгон жаңы чыгармаларды сунуштоого мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.
Комиссия мүчөлөрү Чынара Үмөталиева жана Сыртбай Мусаев бул тапшырма өзгөчө жоопкерчиликти талап кыларын белгилеп, ар бир композитор эле гимн жаза албай турганын кошумчалашты.
Жыйынтыгында комитет Жогорку Кеңешке гимндин тексти жана музыкасынын сунушталган үч вариантын тең четке кагууну сунуштады.
Эскерте кетсек, мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 2024-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада көтөргөн. Анын бул пикири коомчулукта талкууга түшүп, көпчүлүк анын сунушун сынга алган.
Гимнди өзгөртүү боюнча элдин оюн билүү үчүн жарандар арасында сурамжылоо бир катар массалык маалымат каражаттары аркылуу жүргүлгөн. Сурамжылоого катышкандардын көбү гимнди өзгөртүү зарыл эместигин айтып, каршы экенин билдиришкен.
Бул маселе боюнча президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек берген. Анда президент, азыркы гимн 33 жыл мурда азаттыкка чыгып, эгемендүүлүк алган жылдарда жазылгандыгын айткан.
“Мына биз азат болдук, мына биз эгемен өлкө болдук, кыргыз эли өз тагдырың колуңда, алгалай бер деп ошол мезгилде гимн жазгандар кубаныч менен, толкундануу менен жазышкан. Андан бери 33 жыл өттү. Биз мамлекет катары толук калыптандык. Дүйнө жүзүнө таанылдык. Эми жүз жыл өтсө да азаттыкка чыктык, эгемен өлкө болдук деп ырдап жүрө беребизби?”,- деген Садыр Жапаров.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган.




















