Акыркы кезде борбор калаабыз Бишкек менен Ош, Манас сыяктуу чоң шаарларда жол боюнда, базарлар менен өзгөчө жума күнү мечиттердин кире беришинде кайырчылар менен тилемчилер көбөйүүдө. Мындай көрүнүш чындап эле жакырчылык менен жокчулуктун кесепетиби же алардын артында акча иштеп табууну көздөгөн бирөөлөр барбы?
Бул маселе ушул жумада Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында каралып, тилемчиликке, анын ичинде өзгөчө балдарды жана мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды бул ишке мажбурлагандарга карата айып пул салуу демилгеси көтөрүлүп, биринчи окууда колдоо тапты.
Бул демилгеленип жаткан мыйзам долбоору чет өлкөлөрдөн кирип, кайырчылык менен алектенип жаткандарга дагы тиешелүү. Эгер башка мамлекеттин жараны тилемчилик менен кармалса, ага укуктук баа берилип, эки жылга чейин депортацияланат. Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген бул мыйзам долбооруна ылайык, мыйзамсыз аракеттер үчүн 20 миң сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн. Максаты – мындай кадамдар менен коомдук жагдайлардагы кайырчылыктын деңгээлин түшүрүп, тартипти камсыздоо.
Жыйында баяндама жасаган Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев белгилегендей, тилемчиликтин төмөндөтүүдөн тышкары, анын коомдук тартипке тийгизген терс таасирин жоюу. Ошондой эле, жолдун жүрүүчү бөлүгүндө тилемчилик кылууну жоюу аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу. Азыркы учурда аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат, бирок жоопко тартылбайт. Мыйзам күчүнө киргенден тартып толук кандуу жоопкерчиликке тартуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Акыркы убакта Бишкек жана Ош шаарларында тилемчилик фактыларынын өсүшү жергиликтүү тургандарын, айрыкча айдоочулардын нараазычылыгын жаратууда. Өзгөчө унаалардын каттамындагы жол боюнда, жол чырактардын айланасында кырсык коркунучун күчөтүүдө.
Жогорку Кеңеште талкууланып жаткан тилемчиликти жоюу мыйзам долбоору боюнча дин иштери боюнча эксперт, коомдук ишмер Дүйшөн Абдылдаев “Евразия Бүгүн” агенттигине өзүнүн пикирин төмөндөгүчө билдирди:
– Парламенттеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында тилемчиликти жоюу маселесинин каралышы туура. Бирок муну терең анализдеп, өз-өзүнчө бөлүп кароо зарыл. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, кароосу жок карыялар же жашы жете элек балдар жана чыныгы муктаждар, ошондой эле тилемчилик менен алектенип жан баккан алдамчылар деп бөлүп кароо керек.
Анын айтымында, бул мыйзам долбоору иштегенден кийин чыныгы муктаж адамдарды пайдаланып акча топтогондорду тактап, айып пул салып эле койбостон, аларга алдамчылык беренеси менен иш козгосо болот. Ал эми ден соолугу чектелүү жарандарды мамлекет өз карамагына алып, алар үчүн чегерилген пенсия төлөмүн жогорулатуу менен бирге камкордукка алынышы керек. Ошондой эле чыныгы муктаждардын абалына жараша өкмөт тарабынан жеңилдиктер менен узак жана кыска мөөнөттүү программалар аркылуу социалдык жактан колдоо зарыл.
“Айта кетүүчү нерсе, зекет, садака колунда жок жарандар менен ден соолугунан жабыркаган жарандарга берилиши керек. Колунда бар, өзүнө ток болгон кишилер тарабынан ыктыярдуу түрдө муктаждарга жардамдардын берилиши дагы тилемчиликти канчалык бир деңгээлде жоюулушуна шарт түзөт ”,- деди дин ишмери.
Дүйшөн Абдылдаев кошумчалагандай, чет элден келип тилемчилик менен алектенгендерге дагы айып пул салып, ошол эле маалда алар депортатцияланышы керек. Бирок мында дагы эске алуучу жагдай бар. Себеби биздин ишкерлер тарабынан жумуш берилип, акысын төлөбөй койгон фактылар дагы жок эмес. Муну эске ала турган болсок, тилемчиликке мажбур болгондорду жабырлануучу катары таап, анын эмгегинин акысын өндүрүп берүү дагы эске алынышы керек.
Буга чейин Бишкек, Ош шаарларындагы ири базарларда, көчөлөрдө, мечиттердин жанында, автоунаа жүргөн жолдордо жаш балдар, балалуу аялдар, улгайган адамдар жана башка тилемчилер көбөйүп жатканы тууралуу нааразылыктар айтылып келген. Өкмөт тарабынан атайын жүргүзүлөн рейд учурунда унаа каттамындагы чоң жолдо жүргөн коляскадагы отурган айрым жарандар алдамчылык менен тилемчилик кылган учурларынын бети ачылган учур да жок эмес. Мындан тышкары, ооруган адамдардын сүрөтүн чыгарып чет мамлекетке барып дарыланып келүү максатындагы жарнамаларды соцтармактар аркылуу жарыялап, элден акча чогултуп жүргөндөр да болгон.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева























