Кытай Евробиримдикке Россиянын Украина менен согушта утулушуна жол бере албасын айтты, анткени бул АКШнын көңүлүн Кытайга бурууга алып келет.
Бул тууралуу “South China Morning Post” өз булактарына таянуу менен билдирди.
Тиешелүү билдирүүнү 3-июлда Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Брюсселде өткөн ЕБ-Кытай стратегиялык диалогунун 13-жыйынында Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча өкүлү Кая Калласка билдирди.
SCMP белгилегендей, Каллас менен Вандын жолугушуусуна катышкан Евробиримдиктин айрым өкүлдөрү Кытайдын тышкы иштер министринин бул маселе боюнча ачык айткандарына таң калышкан.
Ошол эле учурда Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Пекин Россияга каржылык жана аскердик колдоо көрсөтүп жатат деген айыптоолорду четке какты. Ал белгилегендей, эгерде Кытай чындап эле ушундай кылып жаткан болсо, анда кеңири масштабдагы согуш “эбак эле бүтмөк”.
Гезиттин булактарынын маалыматына караганда, төрт саатка созулган жолугушуу соода жана геосаясий маселелердин кеңири чөйрөсүн да камтыды.
Евробиримдиктин айрым расмий өкүлдөрү Ван менен Калластын диалогун Кытай Вашингтон жакында бүт көңүлүн Чыгышка бурат деп чындап ишенген “реалдуу саясаттын сабагы” деп мүнөздөштү.
South China Morning Post гезитинин жазганына караганда, тараптар көтөргөн дагы бир маселе Евробиримдик Россияга каршы санкцияларынын 18-айлампасында Россия менен байланышы бар эки чакан кытай банкына санкция киргизүүнү пландоосуна байланыштуу болду. Ван И эгер бул банктарга санкция салынса, Кытай дагы жооп чара көрө турганын белгилеген.
Пекин Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүнү колдой турганын бир нече жолу билдирген. 2023-жылы ал согушту жөнгө салуу планын да сунуштаган.


















