АКШнын кургактагы аскер күчтөрү Кытай менен куралдуу жаңжал чыккан учурда Гавай аралдарында жайгашкан аскердик бөлүктөрүн потенциалдуу согуш жүрүшү мүмкүн болгон Азия аймагына көчүрүүгө даяр болбой калышы мүмкүн.
Бул тууралуу CNN телеканалы 2026-жылдын апрель айында аяктаган АКШнын кургактагы аскер күчтөрүнүн ички аудитинин жыйынтыгына шилтеме берүү менен билдирди.
Телеканалдын маалыматына караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө инфраструктурага жана жабдууларга байланыштуу чечилбеген көйгөйлөр, ошондой эле Гавай аралдарынан аскерлерди ыкчам көчүрүүгө жооптуу колдоо батальонунун милдеттерин бөлүштүрүүдөгү башаламандык аныкталган.
Аудиторлор логистикалык жабдуулардын даярдык деңгээли жетишсиз экенин, кызматкерлердин даярдыгында кемчиликтер бар экенин жана оңдоо үчүн пайдаланылган жайларды суу каптаганын белгилешкен.
Отчетто аныкталган көйгөйлөр күтүүсүз өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда Гавай аралдарында жайгашкан аскердик бөлүктөрдү натыйжалуу жайгаштырууга жана башка тапшырмаларды аткарууга тоскоолдук жаратышы мүмкүн экени айтылган.
Гавай аралдары АКШнын Азия-Тынч океан аймагындагы аскердик пландоосунда маанилүү пункт болуп эсептелет. Аралдарда АКШнын болжол менен 47 миң аскер кызматкери жайгашкан.
Америкалык аскер жетекчилиги бул архипелагды салыштырмалуу коопсуз аскердик база катары карайт. Кытай менен жаңжал чыккан учурда бул жерден аскерлерди жана аскердик техникаларды Тынч океандын батыш бөлүгүнө ыкчам жөнөтүү пландаштырылган.



















