Индиянын мамлекеттик мунай иштетүүчү заводдору Россиядан мунай сатып алууну токтотту. Россиядан чийки зат жеткирүү токтотулганын Bloomberg маалымат булактарына таянуу менен билдиргенин Lenta.ru агенттиги кабарлады.
Негизги мамлекеттик мунай компаниялары, анын ичинде Indian Oil Corp., Bharat Petroleum Corp. жана Hindustan Petroleum Corp. Вашингтондун кысымынан жана АКШ президенти Дональд Трамптын Индиянын экспортуна кошумча пошлина киргизүүсүнөн улам орус мунай сатып алуудан убактылуу баш тартышты. Алар өкмөттөн расмий тапшырма алмайынча россиялык мунайга тендер жарыялабоону чечишти.
Россиялык чийки затты АКШ, Бразилия жана Ливиядан келген мунай менен алмаштыруу пландалууда.
Индиянын бийликтери россиялык мунай сатып алууга расмий түрдө тыюу салган жок, бирок өлкө өкмөтү компаниялардан АКШ менен мамилеси мындан ары начарласа, жеткирүүнүн альтернативдүү варианттарын иштеп чыгууну суранды.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди америкалык лидердин орус мунай сатып алган өлкөлөргө пошлинаны көбөйтүү боюнча коркутууларына жооп катары компромисске барбоого убада берди. Ал жогору бааны төлөсө да, өлкөнүн дыйкандарынын кызыкчылыгына зыян келтирбей турганын айтты.
6-августта Индия Россия менен өнөр жай жана технологиялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча келишимге кол койгон. Документке Трамп Россиядан мунай сатып алганы үчүн Индияга 25 пайыздык алым киргизгенден кийин кол коюлган.

















