Батыш өлкөлөрү Украинадагы жаңжалдан чарчоону баштан кечирүүдө.
Бул тууралуу Foreign Policy журналы жазды.
Аталган басылманын баалоосунда, Украинада согуштук аракеттер башталгандан дээрлик үч жыл өткөндөн кийин Батыш өлкөлөрү жаңжалдан чарчады. Аларда «Киевди аскердик жол менен жеңүүгө жардам берүүгө саясий эрки жок» жана Орусия Федерациясы менен сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтыкка жетишүүгө умтулуп жатканы белгиленген. Ошол эле учурда Москва «ресурстарды дагы эле мобилизациялоодо» жана ок-дарыларды жана фронтко кетүүгө даяр ыктыярчыларды тартууну улантууда. Журнал кошумчалагандай, «кандай болбосун тынчтык келишими Украина менен Батыштын Орусияга багынып бергенине барабар».
Материалда Орусия Федерациясы экономикалык жактан Чыгышка кайра багыт алганы, Кытай, Индия, Азиянын жана Жакынкы Чыгыштын башка өлкөлөрү менен сооданы жандандыргандыгы белгиленген.

















