Жогорку Кеңйштин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстандын жаңы жылдын алдында өзгөртүлгөн туусу тууралуу өз пикирин айтты. Ал мындай оюн “Сереп мадиа” маалымат агенттигинин журналистинин
— Нурланбек Тургунбекович, туунун тегерегинде да сөз кылбасак болбойт го. Анткени сиз кабыл алынган мыйзамдын демилгечилеринин бирисиз. Сиздин дарегиңизге абдан катуу сын пикирлер айтылды. Неге ошол учурда үн катпай, демиңизди басып олтурдуңуз?”,- деген суроосуна төмөндөгүчө жооп берген:
— Ачык айтайын ушул маселеде колумдан келишинче сабырдуулукту кармандым. Кейиштүүсү мага карата абдан калпыс, жагымсыз пикирлерди интернеттеги социалдык тармактардан жаадырышты. Бирок алардын бирине да жооп бергим келген жок жана такыр жооп бербедим. Айрымдар абдан эле майдаланып, өтө төмөн деңгээлге түшүп кетишти.
Анткени менен бул жагдай өлкөбүздө сөз эркиндигинин орду бар экендигин, болгондо да ар ким каалаганын каалагандай айта аларын, чектелбегендигин баса көрсөттү. Мейли анын баары өттү, кетти. Эң башкысы мен социалдык тармактарга көп маани бербейм жана активдүү колдонуучулардан эмесмин. Ишенсеңиз интернетке бир күндө болгону 45-50 мүнөт убакыт бөлөм.
Тактап айтсам эртең менен 15 мүнөт, түштө 15 мүнөт, кечинде 15-20 мүнөт. Бүттү! Социалдык тармактардагы баракчаларымды маалымат катчым карап, зарылчылыгы болсо жооп берип турат. Баса биз жаңы тууну кабыл алып же өзгөрткөн жокпуз. Биз тек гана оңдоп, түзөп эле койдук. Бул жашоодо баарын өзгөртүүгө болот. Өзгөрбөй турган бир эле ыйык Куран.
Андыктан туу ыйык эмес, бийик! Буйруса ушул оңдолгон туубуз бийик желбиреп, түбөлүгү узак болсун! Ушул туунун алдында элибизде ынтымак, биримдик бекемделип, өлкөбүз бакубат өнүккөн мамлекетке айланышын тилейм.
Белгилей кетүүчү жагдай, тууну өзгөртүү тууралуу демилге алгач ЖК төрагасы Н. Шакиев жана У. Примовдор тарабынан көтөрүлүп, сунушталган. Бирок 2023-жылдын декабрь айында болгон Экинчи элдик курултайда мындай сунушту аларга президент С. Жапаров өзү айткандыгын билдирген.



















