Кыргызстанда акыркы бир жарым жылдан бери коомчулуктун ар кандай сын-пикирине туш болуп, кызуу талкууну жараткан мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси өткөн жумада Парламентте каршылыкка туш болуп, гимнде мурдагы бойдон эле калтыруу маселеси көтөрүлдү. Буга депутаттар Дастан Бекешов менен Эльвира Сурабалдиеванын гимнди өзгөртүү демилгесин күн тартибинен алып салуу сунушу себеп болду. Муну менен өлкөнүн башкы символдорунун бирин алмаштыруу аракети азырынча ишке ашпай турган маселеге айланды.
Гимнди өзгөртүү керекпи же жокпу… Ким эмне дейт?
Бекен Назаралиев, Кыргыз эл жазуучусу, журналист:
“Мамлекеттик символдор – жандуу идеологиялык курал”
– Мамлекеттик символдор — бул улуттун тарыхый жолун гана эмес, анын заманбап амбицияларын жана келечекке болгон көз карашын чагылдырган жандуу идеологиялык курал.
Кыргызстандын мамлекеттик гимнинин сөзүн акындар Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, ал эми музыкасын композиторлор Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазып, 350 депутаттан турган “Легендарлуу парламент” аталган Жогорку Кеңештин токтому менен 1992-жылы кабыл алынган.
Тилекке каршы, авторлордун баары өлкө тарыхында жана маданиятында өчпөс из калтырып, дүйнөдөн өтүшкөн. Эми залкарлар жараткан мамлекеттик символдордун бири, элге сиңген гимнди өзгөртүүнүн зарылчылыгы эмнеде деген суроо жаралат… Менимче, эч кандай зарылчылык жок. Мындан ары мындай деңгээлде сөзү менен обону төп келишкен гимн жаралбайт деле. Буга чейин конкурс жарыялап көрүштү. Татыктуусун өздөрү деле таба алышкан жок.
Амантай Кутманалиев, төкмө акын:
“Гимнди өзгөртүү демилгеси башынан эле чоң талаш-тартыштарды жана каршылыктарды жаратты”
– Кыргызстанда мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси башынан эле чоң талаш-тартыштарды жана каршылыктарды жаратты. Анын ичинде жазма жана төкмө акындар дагы өз ойлорун айтып келе жатышат.
Анткени, мамлекеттик гимндин сөзүн залкар акындар жазып, обонун залкар обончулар чыгарган. “Легендарлуу парламенттин” элегинен өткөн. Ошондой эле гимндин сөзү, обону, маани – маңызы дагы кыргыз элине сиңген. Муну тана да, жокко да чыгара албайбыз. Ошондуктан депутаттар Дастан Бекешов менен Эльвира Сурабалдиева туура маселени көтөрдү. Мен алардын пикирин колдойм. Гимнди өзгөртүү маселесине ушуну менен чекит коюулушу керек.
Жыргалбек Касаболот, акын, журналист:
“Жогорку Кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында туура эле чечим кабыл алды”
– Жогорку Кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында түзүлгөн кырдаалга карата туура эле чечим кабыл алды. Себеби депутаттар гимин үчүн жазылып келип түшкөн үлгүлөрдүн ичинен эч кайсынысын тандай албагандыктарын билдиришти. Демек, тандоого татыктуусу жок болгондон кийин туура эле болгон.
Гимнди өзгөртүү маселесинде эки өңүт бар. Биринчиси, аны дегеле өзгөртүш керекпи же өзгөртпөш керекпи деген маселе. Эгер өзгөртсө, кайсы жерин өзгөртүш керек эле?
Менимче, гимндин музыкасына эч ким эч кандай доомат койгон эмес, уккан да эмесмин. Негизги дооматтар текстине карата болгон. Эгер гимнди өзгөрткүсү келген демилгечилер ишти уюштурууда азыркы обонун калтырып, ошол обонуна карата тексттерге сынак жарыяласа, алда канча жеңил болмок. Булар өздөрүнүн ишин өздөрү татаалдаштырып алды.
Коомдук каршылык – гимнди сактап калуунун негизги фактору
Мамлекеттик символдорду реформалоо алкагында Кыргызстандын туусу өзгөртүлгөнү менен, гимнди жаңылоо идеясынын ишке ашпай калышы коомдук пикирдин күчүн, анын саясий чечимдерге тийгизген таасирин көрсөттү. Буга чейин бийлик тууну коомдун нааразылыгына карабай өзгөрткөнү менен, гимн маселесинде коомдук каршы пикирлердин катуу жана массалык түрдө айтылышы чоң роль ойноду.
Айрыкча, интернет желесинде, өзгөчө Фейсбук, Инстаграммда гимнди болуп көрбөгөндөй колдогон пикирлер жазылды. Чет мамлекеттерде эмгектенип жүргөн кыргызстандыктар гимнди ырдап, видеосун жүктөп жатышты. Алардын арасында социалдык тармактар аркылуу демилгечи топторго карата жазылган ачуу сын-пикирлер, посттор, комментарийлер жазылып, бирин-бири колдоп турду. Мындай бирдиктүү позиция бийлик бутактарына элдин маанайын так жана даана жеткире алды. Натыйжада коомдук басымдан улам, Парламенттик комитеттер конкурс аркылуу 900дүн тегерегиндеги гимн үчүн жазылган жаңы варианттарды четке кагып, кийин бул демилгеге биротоло чекит коюу сунушу менен чыгышты.
Демилгенин тарыхы жана кризиси
Гимнди өзгөртүү демилгеси 2024-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу тарабынан көтөрүлгөн. Ал бул демилгенин баштапкы жүйөсү катары “досторуна даяр дилин берүүгө” деген саптарын негиз кылып, ошол эле маалда 5 жаштан 90 жашка чейинки жарандар жеңилирээк шартта ырдай турган болушу керек деген пикирин билдирген. Ошондой эле Кара -Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесинин иш чарасында, гимин жаңырган учурда айланадагы чымчыктар үркүп кетерин айткан. Анын бул сөзү кайрадан социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, тамашалуу билдирүүлөр менен карикатуралар интернетте кеңири тараган.
Ага карабай, 2025 -жылдын жаңырышы менен атайын комиссия түзүлүп, гимн үчүн ачык сынак жарыяланган. Сынакка 900дөн ашыгыраак текст келип түшкөн. Алардын арасынан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги үч жаңы вариантын сунуштап, бирок бул коомчулуктун дагы, Жогорку Кеңештин депутаттарынын колдоосуна да ээ болгон эмес.
Кызуу талкуунун чордонунда келе жаткан демилге, ушул жылдын 11-июнунда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кайрадан көтөрүлду. Анда жаңы вариантын тандоо боюнча атайын комиссиянын мөөнөтүн 1-декабрга чейин узартуу боюнча маселе каралып жатканда, депутуттар Дастан Бекешов менен Эльвира Сурабалдиева бул чечимди биротоло жокко чыгаруу сунушу менен маселени күн тартибинен алдырышты.
Дастан Бекешов өз сөзүндө, жарыяланган сынактын мөөнөтү канчага узарганына карабастан, жазылган тексттер эч кимге жакпаганын, ошол эле маалда комиссиянын сынынан өтпөгөндүгүн билдирди.
“Мөөнөттү узатуунун зарылдыгы барбы? Кечирип койгула, биз болбогон иш менен алек болуп жатабыз. Орой айткым келген жок, убактыбызды эле текке кетирип жатабыз. Токтомду четке кагып коелу, ошону менен жумуш бүтөт”, – деген Д. Бекешов.
Ал эми депутат Эльвира Сурабалдиева да кесиптешин колдоп, бул маселе боюнча Парламант саясий чечим кабыл алышы керектигин айтты.
“Парламент саясий чечим кабыл алып, каршы добуш менен токтомду жокко чыгаралы”, – деген Э. Сурабалдиева.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева




















