Бишкек ЖЭБдеги аварияга байланыштуу коңшу өлкөлөр Кыргызстанга жардам колун сунуп, гуманитардык жардам жөнөтүүдө.
Казакстан
Алсак, Казакстан өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен Жамбыл ГРЭСинен келген электр кубатынын көлөмүн көбөйткөнүн Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Казакстандын премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө зарыл болгон учурда кыргыз тарапка гуманитардык жардам жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.

Россия
Буга чейин ЖЭБдеги авариянын кесепеттерин жоюуга Россия да жардам берүүгө даяр экенин РФ премьер-министри Михаил Мишустин билдирген. Мындан тышкары, ЖЭБдеги авариянын себептерин аныктоого Россиядан көмөктөшө турган адистер келе турганы буга чейин Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунда өткөргөн ыкчам штабдын жыйынында айтылган.
Өзбекстан
Ишемби күнү Өзбекстан да Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 9 ИСУЗУ жүк ташуучу унаасы менен 1 миң газ баллон жөнөткөн. Жүк «Бек-Абад» автожол посту аркылуу Жалал-Абад шаарына кирип, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын кампасына жыйналган, ал жерден Бишкекке жөнөтүлөт.
Жүктү «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директорунун капиталдык курулуш иштери боюнча орун басары Дамир Токтогулов кабыл алган.
Түркмөнстан
Анын артынан жекшемби күнү Түркмөнстан гуманитардык жардам катары 2 миң тонна суюлтулган газ жөнөттү. Темир жол аркылуу 58 вагон жүк Кыргызстанга келди.
Жүктү тосуп алуу иш-чарасына катышкан Энергетика министринин орун басары Атабек Абылгазиев Түркмөнстандын президентине, Энергетика министрлигине жана Түркмөнгаз мамлекеттик концернинин төрагасына ыраазычылыгын билдирди.
Эске салсак, Бишкек ЖЭБинде авария 2-февралга караган түнү катталды. Кырсыктан беш адам адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылган. Алардын экөөнүн абалы оор экени айтылып, дарылануу үчүн Түркияга жеткирилген.
Учурда ЖЭБди калыбына келтирүү иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 917 адам, 31 техника тартылды.
Учурда Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 308 МВт. 9 от казан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштеп жатканын өкмөттүн Медиа штабы кабарлады. Жылуулук тармактарына тармактык суунун чыгымы 20 300 т/саат, температурасы 53 градустан 68 градуска чейин. Электр энергиясын иштеп чыгаруу 6.466.280 кВт.саат. Бүгүнкү күндө бардык үйлөр жылуулукка кошулган. Муздаткычтын параметрлери нормалдаштырылган аймактарга ысык суу кошулуусу акырындык менен улантылат. Бишкек ЖЭБден чыккан температура бир топ жакшырып, жылуулук менен камсыздоо жакшыра баштады.























