Россия Иранга гуманитардык жардам катары 13 тонна дары-дармек жөнөтөт. Жүктү Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын учагы жеткирет. Бул тууралуу TASS агенттиги маалымдады.
Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бул гуманитардык жардам Владимир Путин берген көрсөтмөнүн негизинде жана министр Александра Куренковдун тапшырмасы боюнча уюштурулган.
Министрликтин билдирүүсүндө:
«Министрликтин авиациясы Азербайжан Республикасына дары-дармектерди жеткирүүнү уюштурду. Алар кийинчерээк Иран Ислам Республикасынын өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилет», — деп айтылган.
Гуманитардык жүк адегенде Aзербайжандын аймагына жеткирилет, андан кийин ал жерден Иран тарапка өткөрүлүп берилет.
Белгилей кетүүчү жагдай, 28-февралда АКШ жана Израил Иранга кол салган. Соккулар Тегеран баш болгон ири шаарларга жасалган.
Вашингтон бул согушту Ирандан келип чыгышы мүмкүн болгон ракеталык жана өзөктүк коркунучтарга байланыштуу баштагандыгын жүйө келтирүүдө.
Ал эми Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун күчтөрү жооп иретинде Израилдеги объектилерге жана аймактагы АКШнын бир катар аскер базаларына сокку урууда. Чабуулдар Бахрейн, Иордания, Катар, Кувейт, БАЭ жана Сауд Аравиясы өлкөлөрүнө жасалууда.
Иранга жасалган соккулардын натыйжасында өлкөнүн жогорку лидери Aли Хаменеи жана ислам республикасынын бир катар жетекчилери каза болгон.


















