Кыргызстан Иран Ислам Республикасына 66 тонна азык-түлүк, 63 тонна дары-дармек камтылган гуманитардык жардам жеткирет.
Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, жардам президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги КРнын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте берилүүдө.
Жалпы салмагы 129 тоннаны түзгөн гуманитардык жардамдын ичинде ун, эт консервалары, өсүмдүк майы жана керектүү дары-дармек каражаттары ӨКМдин жети оор жүк ташуучу унаалар колоннасына жүктөлүп, Иран Ислам Республикасына жеткирүүгө жөнөтүлдү.
Бул кадам жабыр тарткан жарандык калкка жардам көрсөтүүгө багытталган.
Аталган жүк КРнын Иран Ислам Республикасындагы элчиси А.Кылычевдин катышуусунда жеткирилип, иран тарапка тапшырылат.



















