Казакстан Иранга 30 вагон азык-түлүк жана дары-дармек жеткирет, деп билдирет 24KZ агенттиги жазды.
Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Казакстандын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (KazAID) Тышкы иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте Иран Ислам Республикасына 30 вагон азык-түлүк жана дары-дармек жөнөтүүнү уюштурду.
Гуманитардык жардам Ирандын Кызыл Жарым Ай коомуна өткөрүлүп берилет.
Билдирүүдө Казакстан элинин достук мамиледеги Иран элине көрсөткөн жардамы өлкөлөрдүн ортосундагы жакшы коңшулук мамилелерди жана өз ара колдоону көрсөтүп турганы белгиленди.

















