Жалал-Абад шаарына Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сомго 13 ири долбоор аткарылып жатат. Алардын алды пайдаланууга берилип калды. Калгандары ишке кирсе, шаардын тротуарларынан тартып, ири инфротүзүмдөрүнө чейин бир катар багыттар боюнча өнүүгүүсү алдыга жылат деп күтүлүүдө. Бул долбоорлордун аткарылышын сурап Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковго микрофон сурдук.
— Эрнисбек мырза саламатсызбы? Быйыл Жалал-Абад шаарына Республикалык бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнүп, 13 ири долбоор аткарыла турган болду эле. Азыр ал иштердин кайсынысы ишке ашып, кайсынысы кайсы деңгээлге келип калды?
— Саламатчылык. Быйыл Жалал-Абад шаарында курулуштун жылы болду десем жаңылышпайм. Анткени, республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү үчүн 2 млрд сом акча каражаты бөлүнгөн. Бул каражатка биз асфальт-бетон чыгаруучу, таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорду, балдар ойноочу комплекс, шаарыбыздын негизги көчөлөрүн реконструкциялоо, тротуарларды, шаардын ирригация тармагын жакшыртуу үчүн скважиналарды куруу жана реконструкциялоо, өлкөбүздүн желегин бийик желбиреткен спортчуларыбызды тарбиялоо үчүн спорт интернат, инновациялык IТ, облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборлорун, облустук клиникалык оорукананын терапия, неврология жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрү үчүн жаңы имарат куруу, 150 орундуу заманбап бала бакча куруу жумуштарын жүргүзүп жатабыз.
Кабарыңыздар болсо керек, жогорудагы курулуштардын алгачкылары аягына чыгарылып, пайдаланууга берилип жатат. Атап айта турган болсок, шаарыбыздын борбордук көчөсү реконструкцияланып, Түмөнбай Байзаков атындагы проспектиси болуп ачылды. Ошондой эле, дагы бир негизги көчөлөрүбүздүн бири болгон Пушкин көчөсүнө жаңыдан асфальт төшөлүп, аны да пайдаланууга бердик. Ал эми калган көчөлөрдө болсо, учурда кызуу иш жүрүп жатат. Аларды да буйруса жыл аягына чейин бүткөрүп, пайдаланууга беребиз деген ниеттебиз.
Ал эми жогоруда мен санап өткөн бардык объектилерде курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Алардын жүрүшүн тийиштүү жетекчилер менен бирге күн сайын өзүм көзөмөлдөп жатам. Анткени, курулуштардын сапаты башкы орунда.
— Жакында Жалал-Абад шаарына техникалык суу чыгарып, 3 скважинаны ишке киргиздиңиздер. Ал былтыр эле башталган иш беле? Эми калган 5 скважина качан ишке берилет? Же ал кийинки жылы пайдаланууга берилип калабы?
— Туура айтасыз, быйыл жайында шаарыбыздагы бак-дарактарды суу менен камсыздоо үчүн, Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен 3 скважинаны ишке киргиздик. Ал эми алдыда республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд. сомдун эсебинен 4 скважинаны пайдаланууга беребиз. Алардын бири жаңыдан бургуланса, калган үчөөнү толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Буйруса, шаарыбыздагы бак-дарактар, эс алуу бактары, аллеялар, скверлер толугу менен техникалык суу менен камсыз болот.
— Анан Жалал-Абад шаарына бөлүнгөн 2 млрд сомго пландалган долбоорлордон сырткары, калаа бийлиги дагы кандай жумуштарды пландап, аткарып жатасыздар? Шаардагы бир канча көчөлөрдө асфальттоо иштери жүрүп жатканынан кабарыбыз бар. Булар кайсы бюджеттин эсебинен каржыланууда жана шаардын канча чакырымы асфальт болду? Анан быйыл канча чакырым жол оңдолот?
— 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин эсебинен да шаарыбызда бир топ курулуштарды ишке ашырып жатабыз. Алардын негизгилерине токтоло кетейин, Жалал-Абад шаарынын Калил Назаров көчөсү толугу менен реконструкцияланып жатат. Шаарыбыздын Ленин көчөсүндөгү таштанды басып, кароосуз калган 8 миң чарчы метрден ашык жердеги сквер кайрадан оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат. Ошондой эле, Токтогул көчөсүндөгү аллея да толугу менен реконструкциядан өткөрүлүүдө.
Жөө жүргүнчүлөр үчүн шарт түзүү максатында Жалал-Абад шаарындагы З. Жамашев жана Балтагулов көчөлөрүнө тротуар курулду. Ал эми Кыргыз Республикасы, Түмөнбай Байзаков проспектиси, Абдрахманов, Токтогул, Тайгараев, Б.Осмонов, Курманбек көчөлөрүнө жана шаарга караган Кыргызстан айылындагы негизги жолго тротуар курулууда. Жалпысынан алганда 2023-жылы Жалал-Абад шаарында 20 чакырым жолго асфальт төшөлүп, 13 чакырым аралыкка тротуар курулат. Ошондой эле шаардын ирригация тутумун жакшыртуу максатында Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти тарабынан 16 чакырым темир-бетон арык куурлары жаткырылат.
Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионуна кичи футбол аянтчасын куруп жатабыз.
Шаарыбыздагы № 21 мектепке ашкана куруп берип жатабыз. Мындан сырткары, бир катар мектеп, бала бакчалардын эшик-терезелерин жаңылоо, сырткы фасадын жаңылоо сыяктуу жумуштарды да жүргүзүүдөбүз. Бир сөз менен айтканда шаарыбызда бардык тармакта алгылыктуу жумуштар жасалып жатат десем жаңылышпайм.
— Рахмат маегиңизге.
Маектешкен: А.Белеков