Eurasiatoday
Жекшемби, 15-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Жалал-Абад – “Манас” шаары деп аталат. Эми борбор болобу?

  • Аналитика, ТОП жаңылыктар
  • 08.09.2025 15:56

Loading

2025-жылдын 3-сентябрында, Жалал-Абад шаарынын атын “Манас” шаары деп өзгөртүү сунушу берилди. Бул демилгени калаа мэри Эрнис Ормоков көтөрүп, шаардык кеңештин сессиясында жар салды. Сунушка бир да депутат каршы чыккан жок. Эми шаардын атын өзгөртүү боюнча атайын мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлүп, алар жактырса жана Президент кол койсо, мыйзам күчүнө кире турган болуп турат.

Мурда Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртөт деген имиштер азыр реалдуулукка айлангандай, эми Кыргызстандын борборун Жалал-Абадга көчүрөт деген имиштер – реалдуулукка бир кадам жакындаганынан кабар бергенсиди. Анткени бул шаардын экономикалык потенциялы жогорулап, инфратүзүмдөрдү жакшырта башташты. Ага мисал: Жалал-Абад шаарына Бишкектеги “Ынтымак Ордо” Президенттик администрациясы сыяктуу жаңы үлкөн имарат түштү.

Алгачкы имиштердин реалдуулугу…

Тема боюнча

Кениялыктар АКШнын карантиндик борборуна каршы  чыгышты

Кениялыктар АКШнын карантиндик борборуна каршы чыгышты

01.06.2026

Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү демилгеси мурда эле көтөрүлүп жүргөн. Убакты сааты келип, азыркы бийликтин тушунда имиштер реалдуулукка айланды. Аты өзгөрөт деген сөздөр менен кошо: “Борбор шаар Жалал-Абадга көчүрүлөт имиш”,-деген сөздөр эл оозунда айтыла баштаганы кыйла болду. Бирок Кыргызстандын азыркы бийлигы бул тууралуу эч нерсе айта элек.

Жалал-Абад өлкөнүн борбор шаары болууга потенциалы канчалык экени тууралуу алдыда кеп кылабыз, ага чейин шаардын аталышы тууралуу сөз болсун.

Буга чейин өзгөртсө ушул ат ылайыктуу болмок деп, бир канча варианттар сунушталуп келген. Алардын ичинде: “Көк-Арт” деп атайлы дегендер да болгон. Бирок мындай сунуштардын бири да колдоо таап, коомчулукту бир пикирге келтире алган эмес.

Азыр эми “Манас” деп атала турган болду. Аны Жалал-Абад шаардык кеңештин эл шайлаган депутаттары колдоп бергенден кийин, чечимди коомчулук кызуу талкууга алды. Пикирлер ар кандай. Айрымдар колдосо, кээлери каршы пикирлерин билдиришти. Албетте ал мыйзам ченемдүү көрүнүш деңизчи.

Пикирлердин арасында, акын Улукбек Омокеевдин жазганы жөндүү көрүндү. Ал минтти: “Соңку мезгилде адам аттарын өрөөн-шаарларга коюу адатка айланып баратат. Ар бир аталыш тарых. Колдон келсе, тарыхчылар, аймак таануучулар, этнографтан, тилчилер, санжырачылар менен кеңешип, тээ илгерки аталыштарды кайра коюу максатка ылайык болмок”,- деди.

Ооба, Улукбек айткандай, кыргыздар жер-суулардын аттарын адам аттары менен атаган эмес. Атаса да кайсы бир иши баяндалып коюлган. Мисалы: “Алиш учкан”, “Чырак тосмо” (Кара-Кулжа районунда), “Кожо бакырган сай” (Лейлек районунда), “Ноорузбай Бугу Атчу” (Тогуз-Торо районунда) деген жерлерди билебиз. Ал аталыштарды изилдеп келсең кайсы бир окуянын ушинтип учугу чыгат.

Жалал-Абад шаарынын атын кандай аталышка болбосун, эмнеси болбосун алмаштырыш керек деген менде жеке ой жашап келген. Менин ошол ички мүдөөм максатына жетти десем болот.

Жалал-Абаддын аталышы тууралуу уламыштар…

Негизи Жалал-Абаддын аты кантип Жалал-Абад болуп аталып калганы тууралуу эл оозунда уламыштар көп. Дээрлик баарында Жалал аттуу кишинин аты менен байланышат. Ооба, бул жердин аталышы – жер шартына эмес, адамдын атына байланган уламыштар менен калып келген.

Жалал-Абад эки сөздөн турат, биринчиси: «Жалал» – адамдын аты болсо, «Абад» – термини фарсы тилинде «жер», «адамдар жашаган жер» маанисин билдирет. Бул тууралуу жалал-абаддык окумуштуулар Кеңеш Усенов менен Гүлжамал Токтогулованын 2023-жылы чыккан “ЖаМУ – Кылым карыткан сапар” аттуу китебинде жазылат. Ошол эле китепте «Желал» – урду тилинен перс жана араб тилине которулганда «даңк», «атак», «кадыр», «улуулук» дегенди билдирет. Демек, бул аталыш кыргыз тилинде «атактуу жер», «даңктуу жер», «кадырлуу жер» же «улуу жер» же болбосо, «Жалалдин атынан коюлган жер», – десе болот деген маалыматтарды алабыз.

Аталган китептеги жазылган уламыштардын биринде – шаардын аталышын Хорезмдин акыркы шахтарынын бири Желал ад-Дин Мангубердинин (1199–1231-жж.) ысымы менен байланыштырышат. Анда Чыңгызхандын аскерлери Хорезмди басып алганда (1221-ж.) кийин Жалал ад-Дин теңсиз салгылашуудан кийин Афганистандан качып өтүүгө үлгүрөт жана Кабул дарыясы өрөөнүндө аскер чогултуп, алар менен Гиндукуш тоолорунан ашып, Көкарт өрөөнүнө чыкканы айтылат. Ал он жылдай моңгол баскынчылыгына каршылык көрсөтүп, кандуу кармаштардын биринде Күртсанда курман болот. Ошентип, Желал ад-Диндин курман болгон жана Ооганстандагы аскер топтогон жерлеринде Жалал-Абад шаарлары негизделген.

Китептеги экинчи уламышка ылайык, шаардын пайда болушу курорттун тарыхы менен тыгыз байланышып, анда азыркы курорттун ордунда XVIII кылымдын экинчи жарымында дарылык касиетке ээ булактарды бай, саздак жерде Кокон хандыгы үйү (дачасы) болгон. Дачаны Жалал атуучу катчы башкарып, ал азыркы Өзбекстандын аймагынан жерге муктаж 40 үй-бүлөнү көчүрүп келген жана аларга чүчүкулак менен саздак жерлерди бөлүп берген. Алардын милдети ошол жерди жашоого, дыйканчылык кылууга, боло тургандай кылып өздөштүрүү болгон. Кичинкерээк “Жалал жакшы өздөштүргөн айыл же Жалал-Абад”,-деп атала баштады делет.

Ал  китептен сырткары, эл оозунда айтылган дагы бир уламышка токтоло кетели. Анда минтип айтылат: илгери Өзбекстандын Коргон-Төбө аймагындагы айылдардын биринен куулган Жалал аттуу котур бала апасы менен Айюп-Тоого келип, бир булактан колун жууса, айыккан имиш. Ушундан улам ушул жерди жердеп, тал-терек эгип, жашап калышат. Кийинчерээк Мырзакул болуш: “бул жерди абад кылып жиберипсиң”,-деп, жерди ошол балага берген имиш. Кийин Жалал-Абад деп аталып калган дешет.

Ошентип Жалал-Абад шаарынын аталышы – баары келип эле адамдын атына байланыптыр. Дагы бир уламышта Аюб пайгамдардын аты да аталат.

Айрым фактылар…

Шаардык мэриянын расмий сайтындагы маалыматтарга ылайык, Жалал-Абад шаарынын түзүлгөндүгү жөнүндө расмий документтерде 1877-жылы октябрь айы деп көрсөтүлгөн. Тактап айтканда, ошол 1877-жылы Жалалабат шаар статусуна ээ болгон. Ошентип шаар болгондон баштаган тарыхына токтолсок, 1924-1926-жылдары округдун, 1926-1928-жылдары аймактык административдик, 1939-1959-жылдары облустун борбору аталган.

Ал эми 1991-жылдан баштап Жалал-Абад облусунун борбору болуп саналат. Депутаттардын Жалал-Абад шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 8-августундагы кезексиз XXIX сессиясынын №2 токтому менен Жалал-Абад шаарынын эмблемасы, туусу бекитилген.

1870-1936 жылдар — Джаляль-Абад (Россия географиялык коомунун Туркестан “Кабарлары” бөлүмүнүн 1900 жылдагы маалыматында Андижан уездинин Джаляль-Абад болуштугунун Джаляль-Абад айылы деп белгиленген) административдик-аймактык бөлүнүшү боюнча расмий справочникте 1935-жылдын 1-сентябрына карата традициялык Джаляль-Абад аталышында жазылган. Кыргыз АССРинен республика болуп өзгөргөндөн кийин РСФСР курамынан чыкканда Шаар аталышына орфографиялык өзгөртүү киргизилген.

2002-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2002-жылдын 28-июнундагы “Кыргыз тилининин орфографиясынын жаңы редакциясында” № 830-11 токтому менен “Жалалабат” деп өзгөртүлгөн.

2008-жылдын июнь айында кайрадан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өлкөдөгү калктуу конуштардын аталыштарын дефис менен жазуунун ордуна келтирүү токтомуна ылайык “Жалалабат” кайрадан “Жалал-Абад” деп аталып калган.

Шаардын ѳнүгүүсү 1915-жылы Андижан-Карасуу-Жалал-Абад темир жолун участкасын ачуу менен башталган, 1924-1925-жылдары Жалал-Абад педагогикалык техникумунун уюштуруу менен 1920-1940-жылга чейин сабатсыздык менен күрѳш болгон. 1961-жылы Драм театр курулган.

1991-жылы Жалал-Абад шаарына облустун борбору статусу берилген. 2007-жылдын 19-октябрында Жалал-Абад шаарынын 130 жылдыгы белгиленип, шаар “Данакер” ордени менен сыйланган.

1993-жылдын 31-августунан бери Жалал-Абад шаарын 15 мэр башкарган. Учурдагы шаар мэри Ормоков Эрнисбек Абдижалилович 2020-жылдын декабрь айынан бери иштеп келет.

1926-жылы Жалал-Абад шаарында 9657 адам болуп, алардын 1200ү сабаттуу болгон. 2017-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгында шаардын калкынын саны 159 997 адам деп көрсөтүлгөн.

Борбор болуу канчалык реалдуу?

“Быйыл Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгы Жалал-Абад шаарында өткөнүнүн терең символикалык мааниси чоң окуя болду”,- деген жазуучу Арслан Капай уулу: “Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү Жалал-Абаддын Кыргызстандын борборуна айланышын кыялданган эле. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип кеткен”,-деп расмий баракчасына пост жазды. Аны менен кошо Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун РСФСР революциялык комитетинин Биринчи Советтер Съезди үчүн 1924-жылдын ноябрь айынан тартып, 1925-жылдын март айына чейинки отчеттук докладын жарыялады. Анда минтип айтылат:

“Кара-Кыргыз автономиялуу облусун башкарууну жеңилдетүү үчүн, бир жагынан Жалал-Абад шаарында облустук мекемелер үчүн имараттардын жетишсиздигинен (ал шаар Ревком тарабынан Кара-Кыргызстандын борбору жана борбор калаасы деп таанылган), экинчи жагынан – зарыл болгон имараттар курулуп бүткөнгө чейин бардык облустук мекемелерди убактылуу Ташкент шаарында калтыруу чечими кабыл алынган. Бирок бир катар практикалык ыңгайсыздыктар бул чечимди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген жок жана Обревком өз бөлүмдөрү менен декабрдын аягында убактылуу Пишпекке көчүп барды. Облустук мекемелерди (Суу чарба башкармалыгы менен Кара-Кыргызсельпромдон башкасын) Пишпекке көчүрүү иши 1924-жылдын декабрь айынын аягында аяктап, 1925-жылдын башынан тартып Обревком жана Кара-Кыргызстандын облустук бөлүмдөрү уюштуруучулук, андан кийин пландаштыруу иштерине киришти”.

Демек, Жалал-Абад бир нече жыл бою кагаз жүзүндө Кыргызстандын борбору бойдон калып келген.

Учурда бул шаарда ички чарбалык жолдордун дээрлик көпчүлүгү оңдолуп, кеңейтилгенинен тартып, облустук жана шаардык администрацияга Бишкектеги “Ынтымак Ордо” – Президенттик администрациясы сыяктуу имарат салынып, калаанын жалпы эле инфратүзүмдөрү жаңыланып, экономикалык потенциалы жогорулатылганга чейинки иштердин аткарылганы: “Кыргызстандын борбор шаарын Жалал-Абадга көчүрөт имиш”,- деген сөздөр менен реалдуулукка бир кадам жакындатты. Анын үстүнө минтип шаардын аты да өзгөргөнү турат.

Жалал-Абаддын борбор болушуна албетте, бийлик башындагылардын саясий эрки керек, болбосо ал имиштер сөз боюнча ишке ашпай деле кала берет. Бирок Кыргызстандын борбору азыркы Жалал-Абад же келечектеги Манас шаары болсо, ага кандай ыңгайлуулуктар, мүмкүнчүлүктөр жана шарттар болмок? Бир канча варианттарды аланизге алып көрсөк болот.

Биринчи кезекте географиялык жайгашуусу өзгөчө маанилүү. Жалал-Абад облусу өлкөнүн так ортосуна жакын жайгашкандыктан, түндүк менен түштүктү бириктирген көпүрө боло алат. Бул жагдай жолдордун, темир жолдордун жана авиациялык каттамдардын өнүгүшүнө да ыңгайлуу шарт түзөт.

Экинчиден, шаар өнөр жай, соода жана айыл чарба жагынан чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Аймактагы кен байлыктар, таза суу жана кеңири айыл чарба аймактары улуттук экономиканын өсүшүнө салым кошо алат. Борборду которуу менен региондор аралык тең салмактуулукту камсыз кылууга да болот.

Үчүнчүдөн, Жалал-Абад шаарында билим берүү, медицина жана маданият тармактары тез өнүгүп келе жатат. Университеттердин, колледждердин жана илимий борборлордун болушу жаңы борбордун интеллектуалдык базасын бекемдейт. Бул өз кезегинде жаштарды өлкө ичинде калтырууга жана жаңы муунду тарбиялоого шарт түзөт.

Эң негизги маселе – элдин колдоосу. Эгерде коомчулук чындап эле Жалал-Абадды борбор катары көргүсү келсе, анда бул идея акырындап мамлекеттик деңгээлге чыгып, конкреттүү чечимдер менен коштолоору анык. Демек, бүгүнкү имиш эртеңки чоң өзгөрүүлөрдүн башаты болушу толук мүмкүн.

Асанбек Каракозуев

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: "Манас" шаарыборборЖалал-Абад шаары
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Иранда Франциянын элчилигине байланыштуу мыйзамсыз иштеп жаткан тил үйрөтүү борборун жапты

Иранда Франциянын элчилигине байланыштуу мыйзамсыз иштеп жаткан тил үйрөтүү борборун жапты

21.09.2026
Кениялыктар АКШнын карантиндик борборуна каршы  чыгышты

Кениялыктар АКШнын карантиндик борборуна каршы чыгышты

01.06.2026
Жалал-Абадда КМШ өлкөлөрүнүн чек ара кызматтарынын башчыларынын кеңешинин 91-жыйыны өтүүдө

Жалал-Абадда КМШ өлкөлөрүнүн чек ара кызматтарынын башчыларынын кеңешинин 91-жыйыны өтүүдө

30.10.2025
“Эмне үчүн болбосун”. Ташиев Манас шаары Кыргызстандын борбору болушу мүмкүн экенин четке каккан жок

“Эмне үчүн болбосун”. Ташиев Манас шаары Кыргызстандын борбору болушу мүмкүн экенин четке каккан жок

13.10.2025
С. Жапаров Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүү мыйзамына кол койду

С. Жапаров Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүү мыйзамына кол койду

18.09.2025
Тажикстанда терроризмге каршы күрөшүү борбору түзүлөт

Тажикстанда терроризмге каршы күрөшүү борбору түзүлөт

17.10.2024
Сузак районунун аймагында контрабандалык жүк ташуучу жер астындагы тоннель табылды

Сузак районунун аймагында контрабандалык жүк ташуучу жер астындагы тоннель табылды

20.03.2024
Жалал-Абадда абак жайлар бузулуп, ордуна сейил бак, музей, оюн зоок борбору салынат

Жалал-Абадда абак жайлар бузулуп, ордуна сейил бак, музей, оюн зоок борбору салынат

06.02.2024
Жалал-Абадда криминалдык топтор өз ара тирешүү учурунда колго түштү

Жалал-Абадда криминалдык топтор өз ара тирешүү учурунда колго түштү

22.11.2023

Биздин Facebook


Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026
Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
200 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.