Тажикстанда экстремизмге жана массалык кыргын салуучу куралдарга каршы туруу үчүн окуу мекемесин куруу пландалууда.
Бул тууралуу Тажикстандын Улуттук илимдер академиясынын президиуму (ТУИА) менен ТУИАнын химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздук боюнча агенттиги уюштурган эл аралык иш-чарада сөз болду.
Аталган борбор массалык кыргын салуучу куралдар, ошондой эле химиялык, биологиялык, радиологиялык жана өзөктүк материалдарды колдонулган терроризмге каршы аракеттенет.
Ал жерде республиканын жана башка мамлекеттердин мектеп окуучулары, студенттери, укук коргоо органдарынын кызматкерлери окуудан өтүшөт.
Бул борбор республиканын улуттук мүмкүнчүлүктөрүн гана чыңдабастан, терроризмге каршы күрөштө эл аралык кызматташуунун аянтчасына айланат деп пландалууда.
Иш-чарага 14 элчиликтин өкүлдөрү, анын ичинде Орусия, АКШ, Сауд Арабия жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү катышты. Ага ошондой эле 16 эл аралык уюм, анын ичинде БУУ, ЕККУ, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы, МАГАТЭ катышты.
Келечектеги долбоор потенциалды жогорулатуу, инфраструктураны түзүү, технологиялык инновациялар жана эл аралык кызматташуу сыяктуу тармактарга тиешелүү.
Сунушталган демилгелер региондун химиялык, биологиялык, радиологиялык жана өзөктүк материалдардын жайылышын алдын алуу жана терроризм менен байланышкан коркунучтарга эффективдүү жооп кайтаруу жөндөмдүүлүгүн олуттуу түрдө жогорулатат деп күтүлүүдө.


















