Кениянын борбордук бөлүгүндөгү Наньюки шаарында жүздөгөн тургундар АКШ тарабынан курулушу пландалып жаткан карантиндик борборго каршы нааразылык акциясына чыгышты. Бул борбор Конго Демократиялык Республикасындагы (КДР) Эбола вирусуна кабылышы мүмкүн болгон АКШ жарандары үчүн каралууда.
Бул тууралуу Citizen телеканалы билдирди.
Маалыматка ылайык, демонстранттар алгач борбор жайгашышы мүмкүн деп эсептелген Лайкипия авиабазасына бет алышкан. Бирок Кениянын Аскердик-аба күчтөрүнүн кызматкерлери аларды токтотуп, аскердик объекттин аймагына киргизген эмес.
Нааразылыкка чыккандар карантиндик борбор башка жерге көчүрүлүшү керек деп талап кылышууда. Алар мындай объект үйлөрүнө жакын жайгашса, өздөрүнүн ден соолугуна коркунуч жаратышы мүмкүн деп эсептешет.
The Standard басылмасынын маалыматына караганда, акция учурунда демонстранттар от жагып, жолдорду тосушкан жана укук коргоо кызматкерлерине таш ыргытышкан. Буга жооп катары полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, кеминде беш адамды кармаган. Андан соң нааразылык акциясы Наньюки шаарынын борбордук бөлүгүнө көчкөн.
Буга чейин Kenyans порталы Найроби шаарындагы Жогорку сот карантиндик борборду куруу долбоорун убактылуу токтотконун кабарлаган. Себеби долбоорго каршы укук коргоо уюмдары жана медициналык бирикмелер доо арыз менен кайрылышкан.
Доогерлер коомчулук менен жетиштүү талкуу жүргүзүлбөгөнүн жана бул долбоор өлкөнүн саламаттык сактоо системасына кошумча тобокелдик жаратышы мүмкүн экенин белгилешкен.
Мындан мурда Кениянын бийлиги борборду түзүүгө уруксат берген. Долбоордун алгачкы этабында борбор 50 орунга ылайыкталып, кийинчерээк 250 орунга чейин кеңейтүү мүмкүнчүлүгү каралган. Анда АКШдагы Эндрюс аскердик базасында даярдыктан өткөн америкалык медиктер иштемек.
Кениянын бийлиги бул борбор жугуштуу оорулардын мүмкүн болгон жаңы очокторуна даярдыкты күчөтүүгө багытталган эл аралык аракеттердин бир бөлүгү экенин билдирүүдө. Ошол эле учурда өлкөдө вирустардын жайылышын көзөмөлдөө үчүн жетиштүү инфраструктура бар экенин баса белгилешүүдө.
15-май күнү Конго Демократиялык Республикасында жана Угандада Эбола безгегинин жаңы очогу катталганы жарыяланган. Оорунун козгогучу катары 2007-жылы Угандада биринчи жолу аныкталган Эбола-Бундибуджио вирусу белгиленген.
Учурдагы эпидемиянын негизги очогу КДРдин чыгышындагы Итури провинциясы болуп саналат. Ошондой эле Түндүк Киву жана Түштүк Киву провинциялары да жабыркаган.
Азыркы убакка чейин өлкөдө Эболага байланыштуу миңден ашуун шектүү учур катталып, кеминде 240 адам каза болду деп болжолдонууда. Ал эми Угандада тогуз адамдан вирус аныкталып, бир адам каза болгон.

















