Жалал-Абад облусунун ар кайсы райондорунун жана шаар четиндеги айылдардын жаштарынын арасында криминалдык кагылышуулар болуп, анда курал-жарак жана травматикалык ок атуучу куралдарды колдонулууда.
Алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин алдын алуу жана бөгөт коюу максатында ар кандай кылмыштар боюнча бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган лидерлер З.у.Т. жана А.у.Н. УКМК тарабынан кармалды.
Алардын автоунааларында жана жашаган жеринде тинтүү учурунда жашырып көтөрүп жүрүү үчүн конструкциясы өзгөртүлгөн ок атуучу куралдар, ага ок-дарылар, бет каптар, ошондой эле РПГ-5 гранатасы табылып алынып, алар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.



















