Жакынкы Чыгышта ИШИМ террордук топторунун саны өсүүдө жана согушкерлер менен күрөшүү үчүн аймактык альянс керек.
Al Hadath телеканалынын маалыматына ылайык, Ирактын тышкы иштер министри Фуад Хусейн бул тууралуу Сириянын коңшу мамлекеттеринин Амманда өткөн министрлер жыйынынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди.
«Биз аймактагы ИШИМдин саны өсүп, террористтердин карамагындагы курал-жарактын көлөмү жана алар көзөмөлдөгөн аймактын аянты да көбөйүп жатканын көрүп жатабыз. Бул жагынан бизге аймактык деңгээлде террордук коркунуч менен күрөшө турган жана эл аралык коомчулуктун колдоосуна ээ болгон уюм керек», – деп баса белгиледи Хусейн.
Ирактын Тышкы иштер министрлигинин башчысы: «Сирияга коңшу өлкөлөр согушкерлердин ишмердүүлүгү боюнча чалгындоо маалыматтарын алмашып, тышкы иштер министрлери гана эмес, коргоо министрлери менен чалгын кызматтарынын жетекчилеринин деңгээлинде да дайыма байланышта болушу керек»,- деп белгиледи.



















